Садыр Жапаров: Баткендин тагдыры Кыргызстандын тагдырына тете

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевге облустагы маселелерди жеринде ыкчам чечүүнү буюрду. Өлкө башчысы облустагы мамлекеттик мекемелерде эч кандай бюрократия болбошу керек экенин айтты.

«Баткендин тагдыры Кыргызстандын тагдырына тете. Баткендин ар бир жаранын өзүңүз кабыл алып, маселесин угуп, дароо жеринде чечип берип туруңуз. Бюрократизм деген болбосун, буга катуу көңүл бөлүңүз. Сиз өзүңүз эле эмес, акимдерди, айыл өкмөттөрдү жана башка мамлекеттик мекемелерден дагы талап кылыңыз. Алар эл менен жакын болсун», — деди президент.

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө электигинен улам чыр-чатактар байма-бай катталып келет. 2021-жылы апрелдин аягындагы эң ири куралдуу жаңжал 36 кыргызстандыктын өмүрүн алган.

Дагы 190 адам түрдүү жаракаттарды алып, 40 миңден ашык тургун эвакуацияланган. Чек арага чектеш жашаган баткендиктер үйлөрүнөн, мал-жандыктарынан, киреше булагынан айрылган.

Кийинчерээк өкмөт өрттөнгөн үйлөрдү, соцобъекттерди тикелеп, шейит кеткен 36 адамдын жакындарына жана жаңжалдан жабыркагандарга компенсацияларды төлөп берген.

Андан соң Баткен облусуна «өзгөчө макам» берилген. Учурда кыргыз-тажик чек арасынын 972 километринин 664 километри такталган.