УКМК: Айт намазда теракт уюштурууну көздөгөндөрдү Кыргызстанда тосуп алган киши кармалды

Кармалган шектүү. Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте айт намаз учурунда жардыруу уюштурууну көздөгөн чет өлкөлүк эки жаранды тосуп алган кыргызстандыкты кармады. Бул тууралуу УКМКга таянып «Марал» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 7-июлда «теракт уюштууга шектелип» кармалган Сириядан келген эки киши тергөө учурунда аларды Р.Ж. атуу кыргызстандык тосуп алганын айтып берген.

Атайын кызмат шектүүнүн «Катиба аль Таухид валь-Жихад» аттуу эл аралык террордук уюмдун активдүү колдоочусу экени аныкталып, издөө иштери башталганын белгиледи. Шектүү Жалал-Абад облусунун аймагында колго түшкөн.

УКМК кармалган киши көп жылдан бери чыгыш мамлекеттеринин биринде жүрүп, «кылмыштуу иштерди уюштуруп жүргөн тууганы менен радикалдык-экстремисттик идеологияга аралашканы тастыкталды» деп кошумчалады. Атайын кызматтан ал Сириядан атайын террордук даярдыктан өткөн деген маалымат бар экенин белгилешти.

Кармалган адам УКМКнын ТИЗОсуна киргизилди. Учурда шектүүлөр суракка алынып, террордук топтун башка мүчөлөрү изделүүдө.

7-июлда Бишкекте теракт пландаштырып жаткан чет өлкөлүк эки жаран кармалган. УКМКдан кармалгандар эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү экенин, алар Сириядан жасалма паспорт менен келишкенин белгилешкен.

Атайын кызматтан кармалгандар Сириядагы согуш зонасында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөндүгү тууралуу «төгүндөлгүс далилдер» алынганын кошумчалашкан.

Тема боюнча:

УКМК: Бишкекте айт намаз учурунда теракт уюштурууну көздөгөндөр кармалды