УКМК: Коңшу Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып өтүү аракетине бөгөт коюлду

Кыргызстандан коңшу Казакстанга кумшекерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген айдоочу кармалды. Бул тууралуу 13-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, чек арачылар коңшу өлкөгө өтүүнү көздөгөн «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаадан болжол менен алты тонна кумшекер табылган. Коштоочу документтердеги тизмеде кумшекер болгон эмес.

31-майда Министрлер кабинети кумшекерди жана чийки камыш кантын Кыргызстандын аймагынан сыртка экспортко чыгарууга жарым жылга тыюу салган. Минкабдан токтом өлкөдөн кумшекерди массалык түрдө чыгарып кетүүнү токтотуу, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана базардагы бааны кармап туруу максатында кабыл алынганын түшүндүрүшкөн

Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы Украинадагы согуштун, Орусияга каршы эл аралык санкциялардын жана доллардын куну өскөн шартта кымбаттай баштаган.

Биринчи кезекте керектелүүчү товарлардын таңкыстыгына жол бербөө максатында контрчаралар киргизилген. Соода түйүндөрү кумшекерди бир кишиге бир килограммдан гана, жөнгө салынган баада сатууга милдеттендирилген. Ал эми андан өйдө коммерциялык баада сатышмак болгон.

1-апрелден тарта өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы киргизилген. Мындай чара жылдын аягына чейин бекитилген.