Судьялар 13 жашар кызды зордуктагандарга айып салуу өкүмү аларды актоо эмес деп айтып чыгышты

15-июлда Бишкек шаардык сотунун судьялары маалымат жыйын куруп, майыптыгы бар 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча иштин чечимине түшүндүрмө беришти.

13-июль күнү шаардык сот бул иш боюнча айыпталып жаткан эки кишини күнөлүү деп таап, «кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен» абак жазасынан бошотуп, ар бирине 100 миң сомдон айып салган.

Жабырлануучу тараптын адвокаты соттор бул ишти атайылап 7 жылга созушканын айтат.

Сот эмне дейт?

Маалымат жыйында судьялар күнөөлүүлөр акталды деп айткан туура эместигин белгилешти. Судьялар күнөөлүүлөр соттолгонун, бирок кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен жазадан бошотулганын белгилешти.

Алардын маалыматына ылайык, кылмыш 9 жыл мурда, 2013-жылдын сентябрында болгон. Жабыркаган кыздын апасы милицияга 2015-жылдын июнь айында кайрылган. Сокулук РИИБи бул факты боюнча ошол жылдын сентябрында кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча алты киши шектүү катары өтүп, бирок алардын экөөнө гана айып тагылган, себеби шектүүлөрдүн экөө 16 жашта, калгандары жаш — 14 жашка чыга элек болушкан.

Айыпталган эки өспүрүм, Бишкек шаардык сотунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын апрелинде 8 жылга, ал эми экинчиси 8,5 жылга эркинен ажыратылган. Андан кийин бул өкүм эки ирет Жогорку сотко чейин жетип, кайра каралган. Ал эми 2022-жылдын февраль айында аталган иш аппеляциялык тартипте кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна өткөн.

«Бишкек шаардык сотуна иш 2022-жылдын мартында гана келип түшкөн. Соттордун ротациясынан улам ишти кароо созулуп кетип, 13-июлда чечим чыккан. Айыпталуучулар күнөөлүү деп табылган, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн кылмыштын мөөнөтү эскирип кеткендиктен жазадан бошотулушкан. Анткени кылмыш жасалгандан бери 9 жылдан ашык убакыт өткөн», — деди судья Нурлан Кожомбердиев.

Ал мындай иштерде эскирүү мөөнөтү 15 жылды түзөрүн, бирок, эгер кылмыш жашы жете элек адам тарабынан жасалган болсо, мөөнөтү эки эсе кыскарарын кошумчалады.

Адвокаттын позициясы

Жабырлануучунун адвокаты Чолпон Кудайбердиева иш сотко өткөндөн кийин аны кароо процесси созулуп отуруп, соттук териштирүү 2018-жылы гана башталганын айтты.

«Эмнеге созулуп кетти? Созулганынын себеби, биринчиден адвокаттар келбей, бирде айыпкерлер ооруп калып жатты. Ошол убакта сотторду Америка кошмо штаттарына окууга жөнөтүшкөн, андан кийин өргүүгө кетишкенине байланыштуу, анан прокурорлордун улам отчет убагына туш келип калды. 2018-жылы биринчи процесс башталган [...] Кыз ал убакта келип аткан, биз тараптан эч убакта андай үзгүлтүккө учуратуу болгон эмес. 2019-жылы 10-апрелде өкүм чыкты, балдар күнөлүү деп табылып, сот залынан камакка алынды. Болгону бул өкүмдүн бир мыйзамсыз бөлүгү, май айында аларга мунапыс колдонулуп, бошотуп жиберишкен. Мыйзамда зордуктоо иштери боюнча мунапыс эч убакта колдонулбасын деген норма бар. Бул 2013-жылы 7-июнда мыйзамга киргизилген. Ошондуктан мен мунапыс алынып, моралдык зыянды өндүрүү боюнча аппеляциялык арыз менен кайрылгам. Чүй облустук сотунда 2019-жылы сентябрда өкүм чыкты, зордуктоо болгон эмес, кызды шонтаж кылган, материалдык жардамга муктаж болгондуктан жыныстык катнашка макул болгон деп алты айга эркинен ажыратып, сот залынан бошоткон. [...] Мен Жогорку сотко арыз жазгам, квалификация туура эмес коюлган деп кайрадан Чүй облустук сотуна жөнөтүшкөн. Анда 8 ай каралып, тергөөнү жандандыруу тууралуу чечим чыккан. Биз Чүй облустук сотуна ишенбөөчүлүк көрсөтүп, башка сотко жөнөтүүнү суранып Жогорку сотко арыздандык. Жогорку сот өтүнүчтү канааттандырып, Бишкек шаардык сотуна жөнөттү», — деп айтып берди ал.

Адвокат зомбулуктан жабыркаган кыз соттун чечимине толук түрдө канааттанбаганын, ал айыпталгандар эркинен ажыратылышын каалап жатканын, бирок соттун чечимине даттанып, андан ары соттошуудан баш тартканын билдирди.