Нарын шаарында 16 күндөн бери изделип жаткан карыянын сөөгү дарыянын жээгинен табылды

Нарын шаарында 16 күндөн бери изделип жаткан 80 жаштагы кишинин сөөгү 15-июлда дарыянын жээгинин табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, маркумдун сөөгүн туугандары табышкан. Издөө иштерине Нарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана маркумдун туугандары тартылган. Бирок эч кандай жыйынтык болбогондуктан, издөө иштери убактылуу токтотулган болчу.

Карыяны туугандары аксакал 29-июнда үйдөн чыгып кетип, кайтып келбегенин айтышкан. Издөө учурунда Нарын дарыясынын жээгинен анын кийимдери табылган.

Буга чейин, 6-июлда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Баул айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан.

Жерине куткаруучулар барганга чейин, тургундар өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарышкан. Маркумдун кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат берилген эмес.

Тема боюнча:

Баткен: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды

Кадамжай: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүм изделип жатат