Баткен: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүмдүн сөөгү табылды

Сүрөт: ӨКМ

13-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунда Исфайрам дарыясына түшүп кеткен 10 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык 12-июлда саат 12:00 чамасында катталган. Жерине сегиз куткаруучу тартылып, бирок кеч киргенине байланыштуу издөө иштери токтотулган. 13-июлда аны издөө уланган.

Буга чейин 6-июлда Баткен облусунун Лейлек районундагы Баул айылында 16 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза тапкан.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар барганга чейин, жергиликтүү тургундар өспүрүмдүн сөөгүн суудан чыгарышкан. Маркумдун кандай жагдайда сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат берилген эмес.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: Исфайрам дарыясына агып кеткен 10 жашар өспүрүм изделип жатат

Баткенде 16 жаштагы өспүрүм көлмөгө чөгүп каза болду