«16 жолу бычактаган». Бишкекте мурдагы аялын өлтүрүүгө аракет кылган киши кармалды

Бишкекте 49 жаштагы киши Аламүдүн базарында мурдагы аялын бычактап өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-июлда саат 19:44 чамасында болгон. Шектүү аялы иштеген контейнерге келип, ага 16 жолу бычак сайган. Жабырлануучу тез жардам кызматы менен оор абалда Улуттук хиругия борборуна жеткирилген.

Ошол эле күнү бейтапкананын кызматкерлери 38 жаштагы аял бычакталган абалда ооруканага түшкөнүн милицияга кабарлашкан.

Ал эми милициянын кайгуул кызматы шектүү катары 49 жаштагы Х.К аттуу кишини кармашкан. Ал Свердлов РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте (WPS Index) Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда кыз-келиндер күйөөсүнүн, бирге жашаган адамынын, мурдагы күйөөсүнүн жана тааныш болуп жүргөн эркек кишинин колунан каза тапкан окуялар жыл сайын ондоп катталат. Эл аралык тажрыйбада бул фемицид деп аталат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

ИИмдин маалыматына ылайык, 2022-жылдын алгачкы 5 айында 3 988 үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактысы катталган. Ал эми жыл башынан бери балдарга карата зомбулуктун 400дөн ашык учуру катталган.

Эгерде сиз шеригиңиздин же бейтааныш адамдын зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн милиция кызматкерлерине жана өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Тема боюнча дагы окуңуз:

ИИМ: Өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

«Аксакал келинине болушкан». Нарындын тургуну атасынын өлүмүнө шектелип кармалды