Министрлер 18-июлдан тартып бейформал жолугушуу өткөрүп, коомчулукка отчёт берет

18-июлдан тартып мамлекеттик органдардын жетекчилери быйылкы алты ай ичинде жасаган иштери тууралуу элге отчётун бере баштайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жетекчилер жарым жылдыктын жыйынтыгы, алдыга коюлган кыска жана орто мөөнөттүү милдеттери жөнүндө маалымат берүү үчүн журналисттер, активисттер жана блогерлер менен бейформал жолугушууларды өткөрөрү айтылды.

Жыйында алгач баяндама жасалып, андан соң медиа чөйрө өкүлдөрү отчёт бергендеге кызыктырган суроолорун берсе болот.

Министрликтер отчёт берчү күндөр:

  • 18-июль — Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
  • 19-июль — Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги;
  • 20-июль — Финансы министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги;
  • 25-июль — Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги;
  • 26-июль — Өкмөткө караштуу мамлекеттик агенттиктер, комитеттер;
  • 27-июль — Энергетика министрлиги, Коргоо министрлиги, Юстиция министрлиги.

Акылбек Жапаров уюштурган бейформал жолугушуу

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 5-июлда айрым журналисттерди жана блогерлерди борбор калаадагы «Дасмия» ресторанына чогултуп, бейформал жолугушуу өткөргөн.

Жолугушууга тандалган гана ЖМКнын өкүлдөрү жана блогерлер барып, 24.kg, «Кактус Медиа» жана «Клооп» сыяктуу көз карандысыз медиалар чакырылган эмес.

Минкабдын басма сөз кызматы «Клоопко» журналисттерди тандап чакырганы боюнча «калган ЖМКды башка күнү, кийинчерээк өтө отурган жолугушууга чакыралы дегенбиз» деп түшүндүрүшкөн.

Минкаб бул иш-чараны уюштурууга бюджеттен каражат кетпегенин айтканы менен, каржылоо кайсыл булактан болгонун ачыктаган эмес.

Тема боюнча:

Акылбек Жапаров айрым журналисттерди «Дасмияга» чакырды