Ош: «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

16-июлда Ош шаарында «Биринчи турак жай» кооперативинин жетекчиси «алдамчылыкка» шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айынан баштап «Биринчи турак жай» кооперативине нааразы болгон кардарлар милицияга арыз менен кайрыла башташкан.

Шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБдин басма соз кызматы.

Мындан улам Ош ШИИБи кооперативдин уюштуруучуларына «алдамчылык» жана «ишенип берилген мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу» фактылары менен иш козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө келтирилген зыяндын өлчөмү 18 миллион 188 миң 260 сом экени аныкталган.

Буга чейин, 22-мартта «Биринчи турак жай кооперативи» уюмуна нааразы болгон ондон ашык тургун Ош ШИИБдин имаратынын алдына митингге чыккан. Чогулгандар Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун аймактарынан келгенин айтышкан.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Биринчи турак жай» кооперативи 2017-жылы катоодон өткөн. Дироктору катары Бердияр Исматиллаев көрсөтулгөн. Ал эми негиздөөчүлөрү — Жанарбек Сатыкеев, Жанна Теркина, Бердияр Исматиллаев, Нургүл Кошбакова жана Николай Алещенко.

«Биринчи турак жай» кооперативи

Буга чейин журналист Улукбек Карыбек уулу турак жай кооперативдердин ишмердүүлүгүнөн жабыркагандар тууралуу иликтөө жарыялаган. Ал Ош шаарындагы «Биринчи турак жай кооперативине» алданып калганын айткан ондогон жабырлануучу менен маек курган.

Жабырлануучулар кооперативге төлөмдөрдү төккөнү менен жылдап үйлүү боло албай, ал эми «Биринчи турак жай» кооперативи «банкрот» болгонун айтап беришкен.

Кооперативге акча төккөндөрдүн бири Ош шаарында 60ка чукул, ал эми Кыргызстан боюнча 138 жабырлануучу бар экенин белгилеген. Ошондой эле ал кооператив жабырлануучуларга 9 млн сомдой каражатты кайтаруудан баш тартып жатканын айткан.

Ал эми «Биринчи турак жай» кооперативинин директору Бердияр Исматиллаев журналисттерге телефон аркылуу маек куруп, «акчасын кайтарып алууну көздөгөндөр милицияга арыз жазсын» деп айткан. Ал нааразы тарап «прокуратура же сотко кайрылууга» укуктуу экенин белгилеген.

Ошол эле учурда, Исматиллаев келишимде «сегиз айда үй алып берүүнү убадалап, бирок жылдап келишимди аткарбай келгени» боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

Тема боюнча:

Ошто «Биринчи турак жай кооперативинин» ишине нааразы болгон тургундар митингге чыкты