Ысык-Көл: Велосипед менен бараткан казакстандык тренерди коюп кеткен айдоочу камалды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында велосипед тээп бара жаткан казакстандыкты коюп кеткен айдоочу камакка алынды. Бул тууралуу 18-июлда Ысык-Көл РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, экспертизанын жыйынтыгында «Лексус-330» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында унаа башкаргандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча «Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүү Ысык-Көл ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Окуя кандай болгон?

Окуя 16-июлда саат 07:40 чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 97-чакырымында болгон.

Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Лексус-330» үлгүсүндөгү унанын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алгач «Ниссан-Микра» үлгүсүндөгү унааны капталга сүзүп өткөн. Андан соң жол жээгинде келе жаткан Казакстандын 58 жаштагы жаранын коюп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

Окуя болгон күнү Меруерт Достаева аттуу Инстагарм колдонуучусу окуянын видеосун жарыялап, айдоочу мас абалда болгонун жазган. Анын айтымында, каза болгон кишинин аты-жөнү — Марат Жузгенбаев. Ал Алматы облусунда жеңил атлетика боюнча машыктыруучу болуп иштечү.