Баткен: Бала бакчадагы кырсыктан жабыркаган балдардын бири Бишкекке которулду

Баткендин Лейлек районунда бала бакчанын кызматкери унаасы менен коюп кеткен 6 жаш баланын бирөөсү Бишкекке которулду. Бул тууралуу «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 жашар наристе табарсыгынан жана баш мээсинен оор жаракат алган. Анын абалы «оор» деп баалангандыктан Бишкек шаардык балдар ооруканасына которулган. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылды.

Ал эми райондук ооруканада дарыланып жаткан дагы 5 баланын абалы «орто» деп бааланууда.

15-июлда Лейлектеги «Шумкар» бала бакчасынын кызматкери унаасын бакчанын короосундагы көлөкө жерге коём деп ал жерде ойноп жаткан 6 жаш баланы коюп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2 жаштардагы 5 бала, 5 жаштагы 1 бала жаракат алып, Кулунду айылдык ооруканасына жеткирилген. Алардын биринин абалы «оор» деп бааланган.

Аталган факт боюнча Лейлек РИИБи «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Алгачкы тергөө иштеринде унаасы менен балдарды коюп кеткен кызматкердин айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаа айып короого киргизилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Бакчанын кызматкери унаасы менен 6 баланы коюп кетти, бирөө оор абалда