Борбор Азия лидерлеринин жыйыны: Токаев чек ара көйгөйү боюнча көмөк көрсөтүүнү сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 21-июлда Чолпон-Ата шаарына өтүп жаткан Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жыйынында чөлкөмдөгү чек ара көйгөйүн көтөрүп чыкты.

Ал Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек араларын делимитациялоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

«Мамлекеттер арасындагы чек арада атылган ар бир октун оор үнү тиешелүү тараптарда эле эмес, бардык аймакта жаңырат. Тескерисинче, азыркы кризистик шартта биздин мамлекеттер карама-каршылыктарды жеңүүдөгү цивилизациялуу, жоопкерчиликтүү үлгүнү көрсөтүшү керек. Өз тажрыйбабызда чек араны делимитациялоо өтө татаал жана машакатуу процесс экенин билебиз. Бирок, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен гана чечүү мүмкүн», — деди ал.

Казакстандын лидери Борбор Азияда чек араны делимитациялоо боюнча «өз ара алгылыктуу ыкмаларды» иштеп чыгуу үчүн эксперттик платформа түзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, «бул ишке тажрыйбалуу юристтер, картографтар, чек арачылар жана башка адистер тартылышы керек». Токаев платформаны көзөмөлдөө ишин Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери өзүнө алса болот деп эсептейт.

Ошондой эле, казак лидери «чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн чек араларында соода-экономикалык түйүндөр тармагын ишке киргизүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү иш жүзүндө пайдалуу болмок» деп кошумчалады.

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтүп жатат. Жыйында чөлкөмдөгү аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселелери каралды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу 2023-жылы Тажикстандын Душанбе шаарында өтөрү айтылды.

Ушуну менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу төртүнчү ирет өттү. Өткөн жылы кеңешме Түркмөнстанда болгон.

Анда президенттер соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселесин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашкан болчу.

Тема боюнча:

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусу өтүп жатат