Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлеринин консультативдик жолугушуусу өтүп жатат

21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу башталды. Жыйынга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Борбор Азия мамлекет башчылары. Сүрөт: Найзабек Мукамбетов /Kloop

Күн тартибинде чөлкөмдөгү аймактык коопсуздук, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу маселелери каралмакчы. Жыйындын соңунда президенттер бир катар документтерге кол коюшу күтүлүүдө.

Андан тышкары, Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, тажик лидери Эмомали Рахмон, казак өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ушуну менен Борбор Азиядагы өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусу төртүнчү ирет өтүп жатат. Өткөн жылы кеңешме Түркмөнстанда өткөн.

Анда президенттер соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү региондук кызматташтык маселесин, ошондой эле коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чараларды талкуулашкан болчу.

Тема боюнча:

Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчылары менен жолугушуу үчүн Түркмөнстанга барат