Ош: 17 жаштагы өспүрүм Папан суу сактагычына чөгүп кетти

Папан суу сактагычы

Ош облусунда 17 жаштагы өспүрүм Папан суу сактагычына чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 20-июлда катталган. Жерине сегиз куткаруучу тартылып, өспүрүмдүн сөөгүн алып чыгып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген.

Буга чейин аталган облустагы Кемпир-Абад суу сактагычына 14 жана 15 жаштагы эки өспүрүм чөгүп кеткен.

Каргашалуу окуя 2-май күнү саат 14:00 чамасында катталган. Балдардын сөөгүн айылдаштары ошол эле күнү кечки саат 22:30 чамасында суудан алып чыгышкан.

Өлкөдө бир нече күндөн бери аба ырайы ысык болуп жатат. ӨКМ сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде чөмүлбөө керектигин эскертет.