Өспүрүм кыздарды ноябрдан тартып папилломага каршы эмдөө башталат

Саламаттык сактоо министрлиги ноябрдан тартып өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы акысыз эмдеп баштоону пландап жатат. Бул тууралуу ССМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эмдөө планы тууралуу «Вакцина сенин келечегиң. Жатын моюнчасынын рагын токтотобуз» деп аталган конференцияда Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымдады.

«Пландык эмдөө экономикалык жактан эффективдүү стратегия, аны ишке ашыруу балдардын оорусун, өлүм санын жана майыптуулукту кескин азайтууга жол берет», — деп белгиледи ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жатын моюнчасынын рагы — ден соолукка олуттуу коркунуч туудурган илдет, ал аялдардын арасында жайылган рактын түрүнүн төртүнчүсү болуп саналат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсептик маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын 500гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат.

«Кыргызстанда эгер балдардын баары эмдөөдөн өткөн болсо, корголгон болот. Эмдөө акысыз, өлкөнүн бардык аймактарында бар. Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө — бул алдын алуудан да артык нерсе. Бул жерде кеп өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагынан коргоп, алардын дени сак болушуна жана сергек жашоосуна мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип берүү жөнүндө болууда», — деп түшүндүрдү Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.

Министрликтен 11-14 жашка чейинки 300 миңге чукул өспүрүм кызды эмдөө пландалып жатканын билдиришти.

Вакцинаны сатып алууда Вакциналар жана иммунизация боюнча глобалдык альянс финансылык колдоо көрсөтөт.