Чүй облсоту Тилекмат Күрөңовду шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты

Чүй облустук сот активист Тилекмат Күрөңовду (Кудайберген уулу) шарттуу түрдө мөөнтүнөн мурда бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришти.

Ал жактан сот 25-июлда Күрөңовдун адвокатынын активстти шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча өтүнүчү каралганын айтышты. Чечимге ылайык, Аламүдүн райондук сотунун активистти абакта калтыруу чечими күчүндө калтырылган.

Чүй облустук сотунан баш тартууга Күрөңов абак жайында эреже бузганы, тагыраагы, тинтүү учурунда андан телефон табылганы бирден бир себеп болгонун кабарлашты.

Тилекмат Күрөңов №27 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөөнү улантат.

Күрөңов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, активистти кармоого «социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү» себеп болгон. Активист постторунда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырык жасаган».

Ошол эле убакта укук коргоо орган кызматкерлери активисттин үйүн жана «Ханституцияга каршы» борборунун кеңсесин тинтүүгө алган. Ал эми 17-мартта Свердлов райондук соту активистти Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга киргизүү чечимин чыгарган.

Ал эми 2021-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту активист Тилекмат Күрөңовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, ал тергөө абагынан үй камагына чыгарылган. Күрөңовго «Бийликти басып алууга аракет кылуу» беренеси боюнча айып тагылган.

2021-жылдын 20-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту активистти «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар», «Шайлоочуларды сатып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, бир жарым жылга эркинен ажыраткан.