Бишкек: Унааны буту менен башкарган кишиге айып салынды

Буту менен унаа башкарган кишиге 8 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, айдоочуга эки протокол түзүлдү — авто ээнбаштык жана коопсуздук курун такпаганы үчүн. Унаа айып короого киргизилди.

Соцтармактарга жарыяланган видеодо айдоочу саатына 240 чакырым ылдамдыкта унааны буту менен айдап баратканын көрүүгө болот. Бирок ЖКККББдан протокол түзүлгөн окуя башка күнү катталганын айтышты. Анда айыпка жыгылган киши рулду бир буту буруп, ошол эле маалда уруксат берилген ылдамдыкта бараткан деп билдиришти.

Айдоочу буга чейин дагы жол эрежесин бузуп келген. Анын соцтүйүндөгү барагында мыйзам бузуу учурунда тартылган видеолор жарыялаган.

ЖКККББдан ал кишиге жолдо жүрүү эрежесин бузган башка учурларга да протокол түзүлөрүн кошумчалашты. Бирок басма сөз кызматтан бузуулардын мөөнөтү алты айдан ашпашы керектигин белгилешти.