«Кадастрдын» башчысы кызматкерлеринен акча талап кылууга шектелип кармалды

25-июлда «Кадастр» ишканасынын жетекчиси Эрнест Сулайманбеков кол астындагы кызматкерлеринен акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКдан «ишкананын жетекчилиги тарабынан кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөн» деп белгилешти.

Маалыматка ылайык, кызматкерлердин эмгек акысынан 3-6 миң сомдон мыйзамсыз кармап калуу фактысы аныкталган.

Учурда Сулайманбеков убактылуу кармоочу жайга киргизилди, тергөө уланып жатат.

Сулайманбеков аталган ишканага жетекчи болуп 2021-жылдын апрелинде дайындалган.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган

Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды

Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады