Кара-Сууда мыйзамсыз жер сатуу иши боюнча «Кадастрдын» дагы бир кызматкери кармалды

Айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууга шектелип 27-декабрда «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын дагы бир кызматкери кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы шектүү аталган мамлекеттик ишкананын геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы экенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүү Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында «айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу иши» боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды.

Колго түшкөн шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

УКМКдан шектүүнүн жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда далил катары документтер табылып, ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кошумчалашты.

Буга чейин УКМК бул иштин алкагында «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы башкармалыгынын мурдагы жетекчисин, Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Нодир Хосиловду, «Кадастрдын» аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Бакыт Баймуратовду, алардын шеригин жана мекеменин Кара-Көл шаары боюнча филиалынын убактылуу башчысын кармаган.

Ал эми 14-декабрда атайын кызматтан ушул эле сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Г.И. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген.

Андан тышкары, тиешеси бар делген иштин дагы бир фигурантынын жашаган жери жана иш орду тинтүүгө алынган.

«Тинтүү учурунда жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн миңден ашык жаңы бланктары, паспорттордун көчүрмөлөрү, тил каттар, мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылды», — деп билдирген атайын кызмат.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Т-Медиа» басылмасы Нариман айыл өкмөтүнүн айрым тургундары үлүш жерлеринен ажырап калганы тууралуу журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда тургундардын үлүшү башка адамдарга жеке турак жай куруу үчүн сатылып кеткени айтылган.

«Кадастр» ишканасынын колго түшкөн кызматкерлери

Үстүбүздөгү жылдын 25-декабрда «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Кара-Кулжадагы филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу коррупцияга шектелип кармалган.

Ал эми 10-апрелде «Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын жеке тарапка сатып жиберүүгө айыпталып кармалган.

Анда УКМК шектүү белгиленген тартипти бузуп, көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө Мамлекеттик актыны «мыйзамсыз чыгарганын» билдирген.

Ошондой эле, 12-апрелде ишкананын Сокулуктагы филиалынын директорун жана жетектөөчү адисин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектеп колго түшүргөн.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Кара-Суудагы жерлерди мыйзамсыз сатуу: УКМК «Кадастрдын» мурдагы жетекчисин кармады

Кара-Суу: Айыл чарба жерлерин мыйзамсыз сатууга шектелип дагы бир адам кармалды

«Кадастрдын» Оштогу башчысы «Ошэлектронун» имаратын сатып жиберүүгө айыпталууда