Кара-Сууда каналга чөгүп кеткен 10 жаштагы кыз изделип жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда 10 жаштагы кыз каналга агып кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июль күнү Ак-Терек айылында болгон. Анда 10 жаштагы кыз Отуз-Адыр каналына түшүп жатканда суунун агымы катуу келип, аны агызып кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 22 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылган.

Учурда издөө иштери уланууда.

Буга чейин ушул эле Кара-Суу районунун 41 жаштагы тургуну үйүнүн жанындагы каналга агып кеткен.

Аял үйүнүн жанындагы Яккалиб каналынан суу алып жаткан учурда катуу келген сунун агымы аны агызып кеткен.

Маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлери каналдан чыгарып, жакындарына өткөрүп беришкен.