Бишкекте кичи автобус оодарылып кетип, төрт адам жабыркады

Бишкек шаарында жүргүнчүлөрү менен бараткан №105 каттамындагы маршрутка менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа кагышты. Натыйжада кичи автобустун ичиндеги төрт жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу «Клоопко» Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 28-июлда саат 07:40 чамасында Сухэ Батор-Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Кырсыктын кесепетинен №105 каттамдагы маршрутка оодарылып кетип, жүргүнчүлөрү жабыркаган.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, №105 каттамын «Галоп» ЖЧКсы тейлейт.

Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда Бишкек шаарында Матросов жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү менен бараткан кичи автобус аласалып кеткен. Анда кичи автобус Lexus 470 унаасы менен кагышкан. Натыйжада кичи автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.

Тема боюнча:

Жалал-Абад: Кичи автобустар катышкан кырсыктан жаракат алган 16 адам ооруканада жатат

Бишкек: Кичи автобус аласалып 4 жүргүнчү жабыркады

Бишкекте эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркады, экөө — оор абалда