Жалал-Абад: Кичи автобустар катышкан кырсыктан жаракат алган 16 адам ооруканада жатат

Жалал-Абад шаарында эки кичи автобус кагылышкан жол кырсыгында жаракат алган 16 адамдын абалы «орточо оор» деп бааланып жатат. Бул тууралуу «Клоопко» облустук ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 6-июлда катталган. Анда жүргүнчү ташыган эки кичи автобус кагыша кетип, алардын бири коомдук тамактануучу жайдын имаратын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 24 киши ар кандай жаракаттарды алып ооруканага кайрылган. Алардын 16сы стационардык дарыланууга жаткырылган.

Учурда бейтаптардын 8ине операция жасалаары күтүлүп жатат.

12-июнда Бишкектин Матросов жана Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүнчүлөрү менен бараткан кичи автобус аласалып кеткен. Кичи автобус Lexsus 470 унаасы менен кагышкан. Натыйжада кичи автобустун төрт жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жаткырылган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Кичи автобус аласалып 4 жүргүнчү жабыркады

Бишкекте эки маршрутка кагышып, 18 адам жабыркады, экөө — оор абалда