Доллардын тартыштыгы: Чет элдик валюта Орусияга чыгарылып кетүүдө

Кыргызстандан Орусияга доллар чыгарылып кетип жатат. Бул тууралуу Твиттерде режиссёр жана медиа эксперт Азим Азимов билдирди.Ал акча алмаштыруу жайынын кызматкери делген адам менен кат жазышуусун жарыялаган. Азимов ага доолар сатып алуу керек болуп жатканын айткан. Ал эми маектеши учурда доллардын баарын Орусияга жөнөтүп жатканын айтып жооп узаткан.

Азимов жарыялаган кат жазышуунун скриншотунун алдына бир нече колдонуучу шаарда доллар табуу кыйындап калганын белгилешкен.

Өлкөдөн доллларды чыгарып кетүү

Буга чейин Улуттук банк Кыргызстанда накталай АКШ доллары тартыш экенин, мындан улам калктын чет элдик валютага талабын толук канаттандырууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Улуттук банк чет элдик валютанын жетишсиздигин — чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүргөн. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы банкы доллардын кескин тартыштыгы жок деп ишендирген.

Ошондой эле Улуттук банктан Кыргызстанга долларды алып келген каналдардын иши бузулганын айтышууда. Буга чейин атамекендик банктар накталай долларды Казакстан жана Орусиядан сатып алышчу, бирок азыр валютаны жеткирген бул каналдар ишин токтотуп, банктар жаңы жолдорун караштырып жатат.

Июлдун башында бир катар банк чет элдик валютаны накталай алууга 5%дык комиссия киргизген. Муну Улуттук банк төмөнкүдөй түшүндүргөн: банктар бул аракети менен валютаны накталай алып келүүдө кетирген чыгымдарын жабуу үчүн киргизип жатат.

Кийин 22-июлда башкы банк өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына убактылуу чектөө киргизген.

Буга чейин Кыргызстанда чет элдик валютаны өлкөдөн чыгарууга тыюу салынышы мүмкүн экени кабарланган. Азыркы тапта тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууда, ал юридикалык, ошондой эле жеке жактарга тиешелүү болот. Акыркы чечимди минкаб кабыл алышы керек.