Тышкы иштер министри: Орусия Кыргызстанга $10 миллион грант бөлөт

Орусия Кыргызстанга $10 миллион грант катары берет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 27-июлдагы маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат бюджетти колдоого жумшалат.

«Учурда бул боюнча маселелер чечилип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — деди Кулубаев.

Мындан сырткары, министр Орусия тарап ӨКМге баасы $8 миллион турган өрт өчүрүүчү жана куткаруу техникаларын жардам катары берерин белгиледи. Кулабаевдин айтымында, атайын техникалар жакын арада Кыргызстанга алынып келет.

Орусиянын каржылык жардамы

2020-жылы карантин учурунда Орусия Кыргызстанга карата каржылык колдоосунун бардык түрүн убактылуу токтоткон. Анда мындай чечим саясий кырдаал турукташканга чейин жана бийлик органдарынын иши калыбына келгенче чейин кабыл алынганы айтылган.

Буга чейин 2020-жылдын августунда Кыргызстан менен Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосунда өлкөнүн бюджетин колдоо максатында 1% менен 20 жылдык мөөнөткө $100 миллион кредит бөлүп берүү тууралуу келишим түзүлгөн.

Парламент 2020-жылдын 3-сентябрында келишимди ратификациялап, президент Сооронбай Жээнбеков 21-сентябрда кол койгон. 2-октябрда келишим Орусия тараптан бекитилген.

Орусия Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкы үлүшчүсү болуп саналат.

РБКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанга финансы менен ачык жардам берүү тууралуу акыркы жолу 2019-жылы кабарланган. Анда Орусия кайтарымсыз $30 миллион берген.

2018-жылдын февралынан бери Кыргызстандын 2005-жылдан берки $700 миллион ашуун карызы жоюлган. 2012-жылдан бери Москва Бишкекке $250 миллион ашык суммага кайтарымсыз гранттарды берген.