«Жалал-Абад» санаторийинин мурдагы директору Абышкаев коррупцияга шектелип кармалды

Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясына караштуу «Кыргыз курорт туризм» башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Абышкаев «коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Шектүү “Жалал-Абад” санаторийинде директор болуп турган кезде, 2012-2021-жылдары мекемеден мыйзамсыз акча алып чыгуу жана жеке баюу боюнча кылмыштуу схема уюштурган», — деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Аны менен катар УКМКдан текшерүү учурунда санаторийге 42 миллион сомдон ашык зыян келтиргени белгилүү болгонун кошумчалашты.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Жалал-абад» санаторийиндеги чыр

Максат Абышкаев. Сүрөт: Руслан Калматов / «Азаттык».

Максат Абышкаев «Жалал-Абад» санаторийин көп жылдар бою жетектеген. 2017-жылы Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы ден соолукту чыңдоо борборунун ишин текшерген.

Текшерүү учурунда ишкананын жетекчилиги салык менен айлык төлөөнүн ордуна «Лексус GX 470» жол тандабасын сатып алганы аныкталган.

Аны менен катар, санаторийдин директору Максат Абышкаев негизги кызматтарга өз туугандары менен тааныштарын дайындап алганы айтылган.

«Ал 12 миллион карыз болуп турган кезде машина сатып албашы керек болчу», — деген Кесиптик кошуундар федерациясынын ошол кездеги жетекчиси Калыбек Өмүралиев.

Ошол себептен Өмүралиев Абышкаевди иштен алып, ордуна Эркебай Маткеримовду директор кылып дайындаган. Бирок курорттун кызматкерлери жаңы директорду иш бөлмөсүнө киргизбей, чыр чыгарышкан. Ошентип Абышкаев ордунда калган.

Ал эми 2020-жылдын декабрь айында «Жалал-Абад» санаторийин басып алуу аракети болгон. Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катыштыгы бар экени айтылган.

Атайын кызматтан окуяга Ташиевдин эч кандай тиешеси жок экенин белгилеп, санаторийди «Кыргыз курорт туктуризм» башкармалыгынын убактылуу башчысы Самарбек Күчүков тарабынан мыйзамсыз дайындалган киши имаратты ээлеп алууга аракет кылганын айтышкан.

УКМК санаторийдин жетекчиси Абышкаев ден соолугуна байланыштуу өргүүдө болгондуктан аны «жумуштан алуу мыйзамсыз» деп билдирген.

Тема боюнча:

«Ташиевдин тиешеси жок». «Жалал-Абад» санаториясын басып алуу аракети териштирилип жатат

Жалал-Абад: Санаторийдин жетекчилиги айлык төлөгөндүн ордуна машине сатып алган