«Ала-Тоо» аквапаркындагы жеткинчектин өлүмү: Иш сотко өткөрүлдү

«Ала-Тоо» аквапаркында Атай аттуу үчүнчү класстын окуучусу каза тапкан окуя боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу «Клоопко» Бишкектин Октябрь РИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иштин материалдары сотко 22-июлда жиберилди. Иш борбор калаанын Октябрь райондук сотунда каралат.

Атай 6-июнда «Ала-Тоо» аквапаркында бассейнге чөгүп кеткен. Ал № 95 мектептин 3-классынын окуучусу болчу. Ал күнү бала классташтары менен бирге аквапаркка жөнөгөн, ал эми ата-энелерди балдарга куткаруучулар менен эки чоң киши көз салат деп айтып ишендиришкен.

Окуучунун өлүмүнө байланыштуу «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү» беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголгон. Окуучунун өлүмүнөн кийин эки күндөн соң мэрия аквапаркка барууну уюштурууга жооптуу алты мугалим жана окуу бөлүмүнөн башчысы жумуштан бошотулганын билдирген. Ал эми 10-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мектептин директорун кызматтан алуу чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, 11-июнда аквапарктын куткаруучусу кармалып ТИЗОго киргизилген.

Баланын апасы Асел Азыкова 26-июлда уулунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдүн баарын кечиргенин билдирген. Азыкова эч ким менен соттошпоону чечкенин айткан.