Баткен: Көк-Таш айылында аялдар арасында футбол боюнча турнир өттү

Сүрөт: «Убада Баткен»

28-июлда Баткен облусунун Лейлек районундагы Көк-Таш айылында аял-кыздар арасында футбол боюнча турнир өттү. Аны активист Гази Бабаярова уюштурду.

Турнирге жалпысынан 10 команда катышты. Биринчиликти алган курамага 8 миң сом сыйлык ыйгарылды. Ал эми башка командаларга түрдүү белектер тапшырылды.

Уюштуруучу Гази Бабаярованын айтымында, бул иш-чара чек арага чектеш айылда жашаган аялдарга колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.

«Чек арага чектеш жайгашкан аймактагы аялдардын жашоодо кубанычы аз. Дээрлик ар бир үй-бүлөдө эркектер миграцияга кетишкен. Мындан улам көп түйшүк аялдарга түшкөн. Чек арада чыгып турган чырлар да стрессти күчөтөт. Мен жергиликтүү аялдарга кандайдыр бир колдоо көрсөткүм келди. Азыр алардын оюн учурунда кубангандарын көрүп бактылуу болуп жатам», — деди ал.

Бабаярованын айтымында, кыз-келиндер турнирге акыркы үч айдан бери даярданып, машыгууларды өткөрүп келишкен. Аялдар аймакта атайын спорттук клубдар жоктугун айтышып, аларга спорт оюндарын көбүрөөк өткөрүп турууну суранышкан.

Мындан улам активист мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүүнү пландап жатат.

«Келерки жылы оюнга Баткен облусунун башка айылдарынан да командаларды кошобуз. Чек арада өздөрүнүн жана балдарынын коопсуздугунан дайыма коркуп жашаган аялдар жакшы моралдык колдоого муктаж», — деди ал.

Ушундай эле турнирди Бабаярова биринчи жолу аталган айылда үч жыл мурда өткөргөн. Бирок пандемиядан улам иш-чара уланбай калган.

Баткен облусу Тажикстан республикасы менен чектешет. Чек аранын аныкталбаган тилкелериндеги суу, жер ресурстарын пайдалануу, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан чырдан улам чектеш айыл-кыштактарда байма-бай кагылышуулар болуп турат.

Эң ири куралдуу жаңжал 2021-жылдын апрель айында чыккан. Анда Кыргызстандын 36 жараны каза тапкан. Ал эми Тажикстандан 19 адам каза болгону айтылган.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айткан, ал эми тажик президенти Эмомали Рахмон чек аранын 663,7 километри макулдашылганын билдирген.

Маалымат топтогон: Нурпейил Ашур кызы