Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында чыккан эң ири куралдуу жаңжалга толук бир жыл болду. Бул аралыкта өрттөлгөн үйлөр жана соцобъекттер калыбына келтирилип, кенемтелер төлөнгөнү менен элдин уйкусу тынч деп айтууга али эрте.
Тургундар каргашалуу күндү унутуу аракетинде жай турмушка алаксый баштады дегенден да алыспыз. Анткени 36 адамдын өмүрүн алган жаңжалды унутуу жана көз жашсыз эскерүү мүмкүн эмес.
Оор жоготууларды алып келген куралдуу жаңжал кантип башталганын жана анын кесепеттери тууралуу материалдан окуңуз.
28-апрель
Бул күнү Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайындагы электр мамыларына үч видео камераны орното баштаганын кабарлаган. Кыргыз аскерлери алардан бул ишти токтотууну талап кылганда майнап чыккан эмес.
Түшкү саат 12:25 чамасында тажик тарап мергенчи мылтыктан ок чыгарган. Абалды жөнгө салуу максатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, бирок андан да жыйынтык болгон эмес.
Кийинчерээк тилкеге Кыргызстандын Көк-Таш айылынын жана Тажикстандын Хожаи-Аъло айылынын 150дөй тургуну топтолуп, бири-бирине таш ыргытышкан.
Эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана күч түзүмдөрдүн жетекчилери нейтралдуу жайда жолугушуп, кайрадан сүйлөшүү жүргүзүшкөн.
Саат түнкү 23:58ге карата абал салыштырмалуу турукташып, тургундардын ортосундагы таш ыргытуулар токтогон.
Таш ыргытуулардын кесепетинен үч кыргызстандык — Көк-Таш айылынын эки тургуну жана Самаркандек айылынын бир тургуну ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми «Озоди» басылмасы чырдан 15 тажикстандык жабыркаганын жазган.
29-апрель
Кыргызстандын Чек ара кызматы 29-апрелге караган түнү кырдаал кайрадан курчуганын билдирген. Баткен районунун Көчө-Бою тилкесинде тажик жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүнө таш ыргытып, унааларга ок чыгарганы айтылган.
Таңга маал Баткен районунун чек ара чектеш айылдарынан миңдеген тургун эвакуацияланган. Алардын көбү жаш балдар, аялдар жана карыялар болгон. Эркек кишилер айылды жана мамлекеттик чек араны коргоо үчүн жеринде болушкан.
Көк-Таш айылынын тургундары тажик тарап таңкы саат төрттөн баштап чек ара заставасына жана турак үйлөргө ок чыгара баштаганын, бирок кыргыз тарап жооп кайтарбаганын айтып нааразы болушкан.
Эки тараптан чогулган эл тараган эмес, абал чыңалуу болуп тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарып турган. Бул күнү облустун Ак-Татыр, Ак-Сай жана Самаркандек айыл өкмөттөрүнө өзгөчө абал режими киргизилип, Ош — Баткен — Исфана жолу жабылган.
Эң алгач Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнө ок тийип, ооруканага түшкөн. Мындан сырткары ондогон тургун таш ыргытуу учурунда ар кандай жаракаттары алган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары «Массалык башаламандык», «Ээнбаштык» жана «Киши өлтүрүүгө аракеттенүү» беренелери менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Кыргызстандын УКМКсы саат 14:00дө тажикстандын аскерлери айылды жана «Головнойду» миномёт, пулемёт жана автоматтардан жапырт аткылоону баштаганын билдирген.
Ал учурда ондогон кишилер аталган аймактан чыга албай калышкан. Анткени Баткен — Исфана жолунан өткөн унааларга тажик тарап ок чыгарган. Ок атышуу жүрүп жаткан аймакта «Клооптун» кабарчылары да болуп, чыр-чатакты жеринен чагылдырып турушкан.
Тажик тарап жапырт аткылай баштаган соң Көк-Таш айылында үйлөр күйө баштаган. Андан соң тажик тарап «Капчыгай», «Миң-Булак», «Достук», «Кожогар» жана «Булак-Башы» чек ара бекеттерин аткылаган.
Кийинчерээк тажик аскерлери Лейлек районундагы айылдарга чабуул жасаган. Чабуулду күтпөгөн эл өз алдынча качууга аргасыз болгон. Кийин Лейлектин тургундары Баткен шаарына эвакуацияланган.
Саат 20:00дөн баштап эки тарап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган жерлерине алып кетүүгө макулдашышкан.
30-апрель
Макулдашууга карабастан 30-апрелде Лейлек районунда кайрадан ок атышуу уланган. Соцтармактарда тажик тарап үйлөрдү тоноп, өрттөп жаткандагы видеолор тарай баштаган.
Тажик тарап райондун бир нече айылдарына бастырып кирген. Ошондой эле Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди башка тургундар менен кошо барымтага алган.
Таңкы саат 07:50гө карата жаңжалдын кесепетинен 13 кыргызстандык каза тапканы белгилүү болгон. Жабыркагандардын саны 134 кишини түзгөн. Ал эми чек арага чектеш айылдардан эвакуацияланган тургундардын саны 20 миңден ашкан.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев аймакка келип, эл менен жабык жыйын өткөргөн. Андан соң Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен жолугушкан. Жолугушуудан соң Ташиев «кечке чейин абалды толук турукташтырабыз» деп убадалаган.
Кыргызстандын башкы прокуратурасы куралдуу жаңжалга байланыштуу «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Бул күнү чек арада маал-маалы менен ок атылып, абал чыңалуу бойдон калган.
1-2-май
1-майга караган түн тынч өтүп, ок атуулар катталган эмес. Бирок саат 11:30га карата тажик тарап Төрт-Көчө аймагындагы жолду толук жаап алган.
Саат 12:45те абал чыңалуу бойдон калып, тажик аскерлери Лейлектин Арка айылындагы турак үйлөргө ок чыгарууну уланткан.
Мындан улам аталган райондо эки өлкөнүн ИИМнин орун басарлары жолуккан. Эки тарап тең тезинен бекем тартип орнотуу, ок атышууларга жол бербөө, жарандардын коопсуздугун сактоо жана ушул багытта биргеликте тартипти орнотуу маселелерин макулдашкан.
Андан соң Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов Баткенде жолугушуп, ок атууларды токтотуу жана аскерлерди алып чыгып кетүү боюнча протокол кабыл алышкан.
1-майга карата жаңжалдан каза тапкан кыргызстандыктардын саны 34тү түзгөн, 173 адам жарадар болгон.
2-майда абал турукташып, эвакуацияланган тургундар үйлөрүнө кайта баштаган. Чек ара аймактарына блокпосттор орнотулуп, күч органдары күчөтүлгөн тартипте иштешкен.
3-майда эки тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды мамлекеттик чек ара тилкесинен туруктуу жайгаштырылган жайларына чыгарып кетүүнү аягына чыгарышкан.
Жаңжалдан соң Кыргызстандын Тажикстанга чектеш айылдарынан автоматтык, ири калибрдеги куралдардын гильзалары, фугастар жана миналар, жарылбай калган снаряддар, авиациялык ракеталар, Тажикстандын куралдуу күчтөрү тарабынан казылган траншеялар, тосмолор жана башка аскердик курулмалар табылган.
1-майда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган.
1-2-майда кабыл алынган №39 протокол
6-майда Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын 1-2-майда жетишилген макулдашуулары жарыяланган. Анда №39 протокол кабыл алынганы белгилүү болгон.
Өкмөттүк делегацияны эки өлкөнүн УКМК төрагалары — Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жетектеген.
Протоколдо Кыргызстан менен Тажикстан Ворух анклавына барчу альтернативдик жол куруу боюнча да келишим түзүшкөн. Аталган жол Исфара районунун Хожа Аъло айылы менен Ворух анклавын байланыштырат.
Келишимге ылайык, жаңы жол Тажикстан менен Кыргызстандын эсебинен курулмакчы. Тажик тарап аны колдонот жана аны өзү тейлейт. Жолдун статусу эки өлкөнүн өзүнчө келишиминин негизинде аныкталат деп макулдашылган.
Мындан сырткары, Ворух анклавынын чеги Хожаи Аъло — Ворух жолу курулгандан кийин аныкталат деп сүйлөшүлгөн.
Жаңжалдын кесепеттери, калыбына келтирүү иштери
Чек арадагы куралдуу жаңжалды кесепетинен кыргызстандын 36 жараны каза тапкан — алардын арасында атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскерлери, 12 жаштагы өспүрүм кыз жана 4 жашар наристе бар.
Жаңжалдан каза тапкандардын аты-жөнү менен бул макаладан тааныша аласыз: «Көздөн жаш эмес, кан агат». Тажик агрессиясынын курмандыктарына арналган онлайн-эстелик
Куралдуу жаңжал башталганда Баткен жана Лейлек районунун 40 миңден ашуун тургуну үйлөрүн таштап качууга мажбур болгон.
Жаңжалдын кесепетинен Баткен жана Лейлек райондорунда 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Ал эми тажик тараптан 80ден ашуун киши жарадар болуп, 19 адам каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.
Жаңжалдан кийин өлкөнүн булуң-бурчунан Баткен облусуна гуманитардык жардамдар жеткилип турган. Атайын эсептер ачылып, ага чет жакта иштеген кыргыз жарандары да акчаларды которушкан. Аталган каражаттар жабыркагандарга акчалай, тиричилик техникалары, кийим-кечек, азык-түлүк түрүндө берилген.
Баткен облусунун администрациясынын расмий маалыматы боюнча жаңжалда кыргызстандыктар тарткан зыяндын өлчөмү 1 млрд 305 млн сомдон ашкан. Ошол эле учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Тажикстандан компенсация талап кылбай турганын билдирген.
Кыргыз бийлиги каза тапкандардын жакындарына 1 миллион сомдон компенсация берген. Ал эми жаракат алгандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин компенсация төлөнгөн. Ошондой эле күйүп кеткен эмеректерди алууга 100 миң сомдон берилип, ишкерлерге кенемте каралган. Бирок документтери жоктугунан ушул күнгө чейин өкмөттөн жардам ала албай жүргөн ишкерлер да бар.
Өкмөт Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарды калыбына келтирүү үчүн 700 млн сом бөлгөн. Анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жумшалган. Бийлик тургундардын үйүн тикелеп берип, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик алган эмес. Кийинчерээк ар бир үй-бүлөгө эмеректерди сатып алуу үчүн 100 миң сомдон берилген.
Үйсүз калган баткендиктер жаңы үйлөр тикеленгенче чатырларда жашоого аргасыз болушту. Алардын үйлөрү күзгө жакын курулуп бүткөн.
Ал эми каза тапкандардын жакындары үчүн Баткен шаарынын Чет-Булак айылында шаарча салынан — ага жаңжалда миномёттун огунан каза тапкан 12 жашар Мадинанын ысымы берилген.
Чек арадагы тургундар чоң жаңжалды баштан кечирип, андан кийин да чек ара чырлары чыгып турганына карабай кичи мекенин таштап кеткилери жок. Алар кайсы бир күнү чек ара маселеси чечилет деген үмүттө күн кечирип келишүүдө.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракетин «аскерий агрессия» катары баалаган. ИИМ жаңжалга байланыштуу жалпы 11 кылмыш ишин козгогон. Ал эми кыргызстандык көз карандысыз юристтер жана укук коргоочулар Тажикстанды Баткен элине кол салганы боюнча Гаага шаарындагы Эл аралык сотко беришкен.
Өткөн жылдын сентябрында «Баткен облусунун статусу» жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, чек арага чектеш жашаган 62 айылдын жашоочуларынын пенсиясы менен жөлөкпулдары жогорулаган.
Ошондой эле, тизмедеги айылдарга электр энергиясын 50% жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлерине — дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлөрү кабарланган.
Президент Садыр Жапаров 15-апрелде кыргыз-тажик чек арасынын 664 километри такталып бүткөнүн айтып, калган 308 километрин «тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз» деди.
Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Исфара шаарынын тургундары менен жолугушууда чек аранын 663,7 километри макулдашылганын тастыктап, кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди сүйлөшүүлөр аркылуу эртерээк чечилүүсүнө «кызыктар экенин» айтты.