УБ: Кыргызстандыктар акча которууларды нак валютанын курсу боюнча сом менен ала алышат

Эми коммерциялык банктар которулган акчаларды кардарларга нак валютаны алмаштыруу курсу боюнча сом менен бериши керек. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы кабарлады.

Банктан 27-июлда токтом кабыл алынганын билдиришти. Эми каражаттар алуучуга жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында накталай түрдө же алмаштыруу курсу боюнча сом менен берилүүгө тийиш.

Бул банктык эсепке, банктык төлөм картына же электрондук капчыкка чегерилүүчү акча которуулардын конвертациясына дагы тиешелүү.

Улуттук банктан чет элдик валютанын накталай жана накталай эмес алмаштыруу курсу өсүп жана накталай доллар тартыш болуп жаткан шартта керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн ушундай чара көрүлгөнүн белгилешти.

Башкы банк өлкөдөгү экономикалык коопсуздукту сактоо үчүн коммерциялык банктарга, алмашуу бюролоруна жана микрофинансылык уюмдарга өлкөнүн тышына нак АКШ долларын чыгарып кетүүгө дагы тыюу салынганын эскертти. Анткен менен жеке жана юридикалык жактарга мындай чектөө киргизилген жок, себеби мыйзамдарда алар үчүн капиталды эркин алып кирүү жана эркин алып чыгуу мүмкнчүлүгу каралган.

«Кыргызстандын экономикасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен өлкөдөн нак АКШ долларын алып чыгууга тыюу салуу киргизилген эмес, анткени мындай чектөөнү киргизүү өлкөдө экономикалык туруктуулукка жана калктын бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп түшүндүрүштү Улуттук банктан.

Буга чейин чет элдик валютаны өлкөдөн чыгарууга тыюу салынышы мүмкүндүгү кабарланган. Азыркы тапта тийиштүү токтомдун долбоору коомдук талкууда, ал юридикалык, ошондой эле жеке жактарга тиешелүү болот. Акыркы чечимди минкаб кабыл алышы керек.

Улуттук банк 22-июлда чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына убактылуу чектөө киргизген. Эми коммерциялык банктар акча алмаштыруучу жайлар менен бир күндө ошол акча алмаштыруучу жайдын жүгүртүүсүнөн ашпаган суммага гана валюта соодасын жүргүзө алышат. Улуттук банктан мындай чара валюталык спекуляцияга жана кутум келишимдерге жол бербөө үчүн кабыл алынганын айтышкан.

Өлкөдөн долларды чыгарып кетүү

Буга чейин Улуттук банк Кыргызстанда накталай АКШ доллары тартыш экенин, мындан улам калктын чет элдик валютага талабын толук канаттандырууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Улуттук банк чет элдик валютанын жетишсиздигин — чет жактагы жеке жана юридикалык жактардын спекуляциясы деп түшүндүргөн. Ошол эле кезде өлкөнүн башкы банкы доллардын кескин тартыштыгы жок деп ишендирген.

Ошондой эле Улуттук банктан Кыргызстанга долларды алып келген каналдардын иши бузулганын айтышууда. Буга чейин атамекендик банктар накталай долларды Казакстан жана Орусиядан сатып алышчу, бирок азыр валютаны жеткирген бул каналдар ишин токтотуп, банктар жаңы жолдорун караштырып жатат.

Июлдун башында бир катар банк чет элдик валютаны накталай алууга 5%дык комиссия киргизген. Муну Улуттук банк төмөнкүдөй түшүндүргөн: банктар бул аракети менен валютаны накталай алып келүүдө кетирген чыгымдарын жабуу үчүн киргизип жатат.