«Баңгизат сатуу боюнча атайын канал уюштурган». Коргоо министрлигинин аскер кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Аскер прокуратурасы Бишкек шаарынын тургундарына көптөн бери баңгизат сатып келген Коргоо министрлигинин кенже кызматкерин кармашты.

Шектүү баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында колго түштү.

Териштирүү учурунда кенже сержант Бишкек шаарынын тургундарына «Гашиш» баңгизатын сатуу боюнча атайын канал уюштуруп алганы аныкталды.

Бул факты боюнча «Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуду. Шектүү Бишкек гарнизонунун кармоочу жайына киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарынын тургундарына көптөн бери баңгизат сатып келген Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери кармалган. Аларга карата да кылмыш иши козголуп, аскерлер убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тема боюнча:

УКМК: Бишкекте баңгизат саткан Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери кармалды