Бишкек: Кампада ири өрт чыгып, учурда өчүрүү иштери уланууда

Бишкек шаарындагы Мурманск менен Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампа күйүп кетти. Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсык 30-июлда түнкү саат 03:45 чамасында болгон.

Министрликтен өрттүн аянты чоң болгондуктан өчүрүү иштерине жети бөлүм тартылганын белгилешти. Ошондой эле «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын 2 суу ташуучу унаасы, «Газ чарба» кызматы, райондук электр тармактары ишканасынын кошумча бригадасы жана Тез жардам кызматы да иш алып барды.

Өрт эртең мененки саат 07:20 чамасында чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери уланууда. Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, тилсиз жонун кесепетинен болжолдуу 1500-1800 чарчы ментр аянт өрттөнгөн. Учурда келтирилген чыгымдын жалпы суммасы эсептелип жатат.

Үстүбуздөгү жылдын 17-июлунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда фермада чыккан өрттөн 223 баш бука, 30 миң түк чөп өрттөнүп кеткен.

Өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метр экени кабарланган.