Бишкек: Мушташкан эки жеткинчекти ажыраткан кызга кол көтөргөн киши айыпка жыгылды

Ленин райондук соту Бишкектеги соода борборлордун биринде иштеген 18 жаштагы кызга кол көтөргөн кишиге 5 550 сом айып салды.

Кыз балдар ойногон аянтчада мушташып кеткен эки жеткинчекти арачалап жатканд белгисиз киши ага кол көтөргөн. Кол салган киши алгач сөгүнүп, андан соң уруп жиберген.

29-июлда Ленин райондук милициясы шектүүнү кармап, тергөөчүлөргө өткөрүп берген. Андан соң милиция кишинин аракетинде «кылмыштын курамы жок» деп таап, кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Кийинчерээк иш Ленин райондук сотуна өткөрүлүп, кызга кол көтөргөн адам «Майда бейбаштык» беренеси менен күнөөлү деп табылган.

Тема боюнча:

Бишкек: Мушташкан жеткинчектерди ажыраткан кызга эркек киши кол көтөрдү