Улуттук баалоо борбору: Мектеп директорлору үчүн тесттеги суроолор жакшыртылат

Мектеп директорлору үчүн тестирлөөнүн суроолору алардын милдеттери жөнүндө типтүү жобого ылайык иштелип чыккан. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова билдирди.

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги директорлук кызматка талапкерлер гана эмес, каалоочулардын бардыгы тапшыра ала турган тесттин сыноо версиясын жарыялаган.

Тесттен өтүп көргөн кыргызстандыктар аны сынга алып, суроолор жөнөкөй экенин, ошондой эле грамматикалык жана семантикалык каталар кеткендигин белгилешкен. Ал эми андагы суроолордун көбү интернеттен алынганы белгилүү болгон.

Шамшидинованын айтымында, тесттин суроолору боюнча програмисттер иш алып барган.

«[Суроолор] интернеттенби, интернеттен эмеспи — билбейм. Эң негизгиси [тестирлөө] модулга туура келсе болду. Албетте, адам фактору бар. Бул тесттер азыр жакшыртылып жатат», — деди ал.

Ал учурда тесттин үстүндө тилчилер жана котормочулар иштеп жатканын кошумчалады. Суроолордо кетирилген каталар оңдолот.

Мектеп директорлорунун сынагы

12-июлда Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Президенттин басма сөз кызматы бул жарлык кесипкөй жетекчилердин кадрдык курамын түзүү жана билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынганын белгилеген.

Жарлыкка ылайык, жетекчилерди тандоо үчүн конкурсту билим берүү министрлигине караштуу «Улуттук билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору» уюштурат.

Сынактын негизинде тандалган жетекчилер беш жылга дайындалат.

Ал эми мектепте беш жылдан ашык иштеген директорлор жарлык күчүнө киргенден тартып иштен бошотулат. Алар жаңы жетекчи дайындалганга чейин, кызматын убактылуу аткарып, эгер кайрадан жетекчи болом десе башка талапкерлер менен бирге конкурска катышса болот.

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев өлкө боюнча 5 жылдык мөөнөтүн иштеп койгон 966 мектеп директору кызматынан алынарын белгилеген. Дагы 1 200 директор беш жылдык мөөнөттү өтөп бүтө элек.

Бейшеналиев тестте башкаруучулук менеджмент, педагогика, психология, IT-технологиялар, конфликттерди чечүү жана билим берүү тармагындагы ченемдик укуктук актылар сыяктуу темалар камтыларын кошумчалаган.