ЖККУга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздук боюнча өкүлдөрү ыкчам жыйын өткөрдү

1-2-августта Бишкектин четиндеги УКМКнын окуу-машыгуу борборунда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздук боюнча атайын күч органдарынын өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны өттү.

УКМКнын маалыматына ылайык, жыйында жамааттык коопсуздук системасынын күч жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоо маселеси каралды.

Сүрөт: ИИМдин басма сөз кызматы.

Ага ЖККУга мүчө алты өлкөнүн – Кыргызстан, Казакстан Орусия, Беларус, Армения жана Тажикстандын делегациялары катышты.

«Мындай жолугушуулар ЖККУнун жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иштердин зарыл экенин күбөлөндүрөт», — деп белгилешти атайын кызматтан.

Жолугушууга ЖККУнун баш катчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Анатольевич Семереков катышканы айтылды.

Ал эми Ички иштер министрлиги Балыкчыдагы «Эдельвейс» аскер полигонунда ЖККУга мүчө мамлекеттердин «Кобальт — 2022» аталышындагы атайын-тактикалык машыгуусу башталганын кабарлады.

Машыгуу 5-авустка чейин уланат, анын максаты кылмыштуулук менен күрөшүүдө ЖККУга мүчө мамлекеттердин күч түзүмдөрүнүн тыгыз кызматташтыгын бекемдөө болуп саналат.

«Машыгуунун жүрүшүндө атайын багыттагы күчтөр, “бандиттик, террордук топторду издөө, бөгөт коюу жана зыянсыздандыруу, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү каналдарын жабуу жана сактоочу жайларды, лабораторияларды табуу боюнча окуу-практикалык жана ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат», — деп белгилешти ИИМден.

Жамааттык Коопсуздук келишими уюмунун өткөн жылкы «Рубеж-2021» машыгуусу да Ысык-Көлдө өткөн. Бирок ага Тажикстан катышкан эмес. Өткөн жылы жылы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында эң ири ок атышуу орун алган.

Тема боюнча:

Тажикстан ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусуна катышпайт