Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыкты

Кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова ТИЗОдон бошотулду. Бул тууралуу «Клоопко» адвокат Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, 4-августта Каракол шаардык соту аны 2022-жылдын 11-сентябрына чейин үй камагына чыгарды.

Адвокат Тилекованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сунуштаманы 3-августта УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жолдогонун билдирди.

Мээрим Тилекова 17-майда опузалап пара талап кылууга шектелип кармалган. Соттун 15-июлдагы чечими менен 11-августка чейин камакта калтырылган.

Бейшеналиев өзү Тилекова кармалгандан кийин комментарий берип жатып, пара алуу болбогонун, ал эми акчаны Медайымдардын күнүнө арналган салтанаттык иш-чарага чогултушканын билдирген.

Мындан тышкары, чиновник Мээрим Тилекова анын кеңешчиси экенин четке каккан. Ал министрдин орун басарынын мурдагы катчысы деп ишендирген. Ал эми «күнөөсүз кыздын» кармалышы, министрдин айтымында, — Бейшеналиевге жалган жалаа жабуу аракети болгон. Ошондой эле, чиновник УКМК ага басым жасап жатканын билдирген.

Кийинчирээк, Бейшеналиев өзү дагы кармалган. Ал COVID-19га каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга жана бюджетке 1,5 млрд сом зыян келтирүүгө шектелип кармалган. Бирок 16-июнда Биринчи май райондук соту чиновникти үй камагына чыгарган.