Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча Азия чепионатында коло медалга ээ болду

Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дзюдо боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Чыңгызхан Сагыналиев коло медалга ээ болду. Бул тууралуу дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сагыналиев 73 киллограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашып, үчүнчү орунду багындырды.

Ал алгачкы беттештерде монголиялык жана филиппиндик спортчуларды утуп, жарым финалда казакстандык спортчуга жеңилип калган.

Ал эми коло байге үчүн Сагыналиев кыргызсандык спортчу Эртур Турдубаев менен күч сынашып, утуп алды.

Сагыналиевдин коло байгеси 2022-жылкы Азия чемпионатындагы Кыргызстандын алгачкы медалы болуп калды. Сагыналиев буга чейин дзюдо боюнча жаштар арасында Азия чемпиону болгон.

Дюдо боюнча Азия чемпионаты 4-августа Казакстандын Нур-Султан шаарында башталган, чемпионат 7-августа аяктайт. Ага 19 мамлекеттин 200гө жакын спортчусу катышууда.