Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Маалыматка ылайык, Шеров 90 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.

Ал жарым финалда казакстандык дзюдочу утуп, финалдык беттеште жапониялык спортчу Санширо Мураого жеңилип калды.

Шеровдун күмүш медалы — 2022-жылдагы Азия Чемпионатында кыргыз спортчулары жеңген экинчи медаль. Буга чейин дзюдочу Чыңгызхан Сагыналиев 73 киллограмм салмакка чейинки категорияда коло медалга ээ болгон.

Дюдо боюнча Азия чемпионаты 4-августа Казакстандын Нур-Султан шаарында башталган, чемпионат бүгүн, 7-августа аяктайт. Ага 19 мамлекеттин 200гө жакын спортчусу катышууда.

Тема боюнча:

Кыргызстандык Чыңгызхан Сагыналиев дзюдо боюнча Азия чепионатында коло медалга ээ болду