8 жашар баланын октон жаралануусу: Чек ара кызматы жана прокуратура эки башка маалымат таратты

Иллюстративдик сүрөт

УКМКнын Чек ара кызматы жана прокуратура Баткен районунун «Миң-Булак» айылында 8 жашар баланын октон жараат алганы боюнча эки башка маалымат таратты.

Чек ара кызматынан жеткинчекти «кызмат өтөп жаткан аскер кокусунан атып алганын» айтышты.

«Кызмат өтөп жаткан жоокер “К.у.Ж” Куралдуу күчтөрүнүн уставынын талаптарын бузуу менен кокустан ок чыгарып, анын кесепетинен 2014-жылы туулган “А.С” аттуу өспүрүм жаракат алган», — деп билдиришти мекемеден.

Ал эми прокуратурадан «аскер кызматта турганда, ага 8 жаштагы үч бала келгенин, жоокер алаксып кеткенинен пайдаланып бири анын куралын алып алганын» айтышты.

«2013-жылы туулган “С.Б” куралдан ок чыгарып ал 2014-жылы туулган “С.А.К”га тийген. Ал курсактан, белинен жана оң жамбашынан ачык жараат алган», — деп жазылат маалыматта.

Кайсы маалымат туура экенин билүү үчүн байланышканыбызда, прокуратурадан «маалыматты аларга аскер бөлүктүн командири бергенин» айтышты.

Ошондой эле алардагы маалымат 7-август саат 19:00гө карата алынганын белгилешти.

Ал эми Чек ара кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Баткенде 8 жашар бала октон жараат алганы белгилүү болгон. Ал жандандыруу бөлүмүнө түшүп, абалы «оор» деп бааланып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: 8 жашар бала чек арачынын куралынан жарадар болуп жандандыруу бөлүмүнө түштү