Баткен: 8 жашар бала чек арачынын куралынан жарадар болуп жандандыруу бөлүмүнө түштү

7-август күнү Баткен облусунда 8 жаштагы бала чек арачылардын куралынан жарадар болуп, ооруканага түштү. Бул тууралуу «Клоопко» Аскер прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя Баткен районунун Миң-Өрүк айылында катталган. Чек арачылардын куралынан бир өспүрүм экинчисин атып алган. Алардын колуна аскерлердин куралы кандайча тийип калганы учурда белгисиз.

Өспүрүм ушул тапта оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор экени айтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен «Клоопко» балага эки ок тийген болушу мүмкүн экенин айтышты — алар ич жактан кирип, бел туштан чыгып кеткен.

Министрликтен өспүрүмгө операция жасалаарын кошумчалашты.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, Аскер прокуратурасы окуяны иликтеп жатат.