Президенттин басма сөз катчысы соцтүйүндө Айгүл Жапарованын атынан фейк аккаунт ачылганын айтты

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтүйүндө биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан жазылды делген кайрымдуулук тууралуу маалыматка ишенбөөгө чакырды.

Султанбаевдин айтымында, Айгүл Жапарованын аты жазылган Фейсбук барагы ага таандык эмес.

«Бул [Фейсбук] барагынын биринчи айымга эч кандай тиешеси жок. Фейк баракча. Андыктан бул баракка жарыяланган маалыматтарга ишенбеңиздер», — деп эскертти ал.

Сүрөт президенттин басма сөз катчысынын Фейсбук барагынан алынды. 

7-августта Фейсбук соцтүйүнүндө Айгүл Жапарова кайрымдуулук кылып, 100 адамга акча таратып жатканы тууралуу пост жарыяланган.

«Бул алдамчылык эмес. Бүгүн мен 100 бактылуу адамга кайрымдуулук кылып, акчалай жардам таратууну чечтим. Атыңардын биринчи тамгасын тандасаңар, атыңарга жараша акчалай сыйлык аласыңар. Азыр жаса! Бул сыйлык эч качан сыйлыкка ээ болбогондорго берилет. Эгер сиз эч качан белек картасын утуп албасаңыз, улантыңыз жана башкаларга утуп алуу мүмкүнчүлүгүн бериңиз», — деп айтылат постто.

Ошондой эле, посттун аягында баракчага жазылуу сунушу берилген.


Айгүл Жапарованын атынан ачылган Фейсбуктагы барак 2022-жылы 7-августта гана ачылып, биринчи айымдын эки сүрөтү жана акчанын сүрөттөрү жүктөлгөн. Ал барак ачылганда дароо 1000ден ашык киши катталган.