Равшан Сабиров: «Манас» аэропортун сырткы башкарууга өткөрүү боюнча конкурс сентябрда өтөт

«Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча сынак сентябрь айына пландалды. Бул тууралуу «Азаттык» басылмасына Инвестиция боюнча улуттук агенттиктиктин башчысы Равшан Сабиров билдирди.

Сабиров учурда тендер өткөрүүгө даярдыктар жүрүп жатканын айтты. Анын айтымында, тендерге катышууга Германия, Түштүк Корея жана башка чет мамлекеттик компаниялар кызыгып жатат.

«Биз өкмөткө сунуштарды киргиздик. Эки этап менен ачык-айкын конкурсту өткөрөбүз. Бул боюнча президент [Садыр Жапаров] менен сүйлөштүм. Ал киши ачык-айкын конкурс өткөрүп, татыктуу компания утсун деген тапшырма койду», — деди Сабиров.

«Манасты» сырткы башкарууга өткөрүү

Аэропортту сырткы башкарууга өткөрүп берүү идеясы 2019-жылы эле айтылган. Бул идеяны экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жигердүү сүрөмөлөгөн.

Ал эми 2020-жылы Мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Данияр Абдылдаев МЖӨ механизми мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан да жакшы коргойт деп түшүндүргөн.

«Аэропорттордун инфраструктурасын, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жакшыртып, кирешени арттырып, жабдууларын [жаңылоо] керек. Буга чейин өкмөт тарабынан инвестиция тартуу боюнча чаралар көрүлгөн. 2014-2017-жылдары инвесторлорду тартуу кадамдар аткарылган, бирок ишке ашпай калган», — деген Абдылдаев.

Ал аэропорт МЖӨ системасы боюнча колдонулуп жаткан чакта мамлекет киреше алып турарын белгилеген. Ал эми минкаб «Манас» аэропорту аталган тажрыйбаны колдонуу менен 2023-жылга барып Борбор Азиядагы эң негизги авиациялык хабдардын бирине айланарын айткан.

Натыйжада 2021-жылдын декабрь айында Эл аралык (IFC)* финансылык корпорациясы «Манас» аэропортун сырткы башкарууга өткөрүү боюнча долбоордун консультанты болуп жактырылган.

*IFC — Дүйнөлүк банктын тобунун мүчөсү. Бул өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторго багытталган ири глобалдык өнүктүрүү институту. IFC өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө рынок жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн таасирин, өз капиталын жана тажрыйбасын колдонуп дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө иштейт.

«Манас» эл аралык аэропорту үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) долбоору 1-декабрда аэропорттун акционерлеринин кезексиз жыйынында көрсөтүлгөн. Аны Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жана IFC’нин өкүлдөрү тааныштырган.

Презентациянын соңунда министрлик менен IFC өз ара консультациялык жана финансылык кызмат көрсөтүү тууралуу келишимди кабыл алышкан.