Айзада Канатбекованы уурдоо. Күнөөлүүлөр маркумдун энесине болгону 20 миң сомдон төлөп берет

Айзада Канатбекованы өлүмүнө күнөөлүүлөр маркумдун апасына моралдык зыян катары болгону 20 миң сомдон төлөп бере турган болду. Мындай чечимди алгач Биринчи май райондук соту, андан кийин Бишкек райондук соту чыгарды. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов Фейсбук барагында билдирди.

Адвокаттын айтымында, мыйзамда белгилүү бир кылмышкерге карата 100 миң сомдон ашпаган гана сумма каралган, тактап айтканда, ар бир кылмышкер моралдык зыян катары 100 миң сомдон ашпаган сумманы гана төлөп бере алат.

«[Судьялар] алып туруп, ушул чекти колдонуп коюшту, жабырлануучу 100 миң сомдон ашык албашы керек деп. Эгер Жогорку сот дагы бул абсурдду колдой турган болсо, анда бүтүндөй система өзүнүн абсурддугун далилдейт», — деди Токтакунов «Клоопко» берген интервьюсунда.

Жактоочу адам өлтүрүү болсо да мындай практика колдонулуп жатканына нааразы.

«Адам өлтүрүү үчүн миң доллардан биз эле ашык сумма дегендин өзү эле, албетте, абсурд, бирок бул башка кеп. Мен ар бир күнөөлүүнү 100 миң сомдон айып төлөөгө милдеттендирген мыйзамды жабырлануучуга карата колдонгон сот практикасындагы абсурд тууралуу айтып жатам. Башкача айтканда, судьялар жабырлануучу кандай болгон учурда да 100 миң сомдон ашык моралдык зыянды албашы керек деп түшүндүрүшүүдө», — деди адвокат.

Ошентип, Токтакуновдун айтымында, Айзада Канатбекованы уурдоо үчүн соттолгон беш адамдан болгону 20 миң сомдон өндүрүлмөкчү.

«Мындайча болуп калып жатат да: эгер аялды бир киши зордуктаса, ал аял моралдык зыян катары 100 миң сом ала алышы мүмкүн, бирок эгер аны он киши зордуктаса, алардын ар бири болгону он миң сомдон төлөшөт. Ал эми аялды жүз киши зордуктаса — ар бири 1000 сомдон төлөйт», — деп нааразы болду адвокат.

Токтакунов кылмышка шериктер канчалык көп болсо, өндүрүлө турган сумма ошончолук аз болорун түшүндүрдү. Ал сот ушундай чечим чыгара берсе кылмышкерлер бири-бирин кылмышка топ болуп барууга үндөй башташат деп эсептейт.

«Адам өлтүрүү үчүн болжолдуу моралдык кенемтеге барабар айлык алган [ай сайын] судьялардын адилеттиги мынай ушундай абсурддуу [болуп жатат]», — деп жыйынтыктады сөзүн адвокат.

Адвокат Бишкек шаардык соту менен Биринчи май райондук сотунун чечимине арызданганын белгиледи. Анын айтымында, моралдык зыян маселеси боюнча отурум 16-августта Жогорку сотто каралат.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатабекова мажбурлап никеге тургузуу үчүн 2021-жылдын 5-апрелинде уурдалган. Окуя шаардагы видео байкоочу камерага түшүп калган. Эки күндөн кийин 7-апрелде Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаа табылган. Анын ичинде кыздын жана уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү болгон.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын да кыйган деп билдирген. Кийин, Теңизбаев Канатбекованы өлтүрөр алдында зордуктаганы аныкталаган.

Кыз киши колдуу болгондон кийин милиция Канатбекованы уурдоого катышкандарды кармаган. лардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган.

Тема боюнча окуңуз: Айзада Канатбекованы издөөдөгү милициянын шалаакылыгы боюнча иш дагы деле сотко өтө элек