Айзада Канатбекованы издөөдөгү милициянын шалаакылыгы боюнча иш дагы деле сотко өтө элек

Мындан туура бир жыл мурда, 2021-жылдын 5-апрелинде Айзада Канатбекованы Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде алты киши уурдап кеткен. Эки күндөн кийин кыздын сөөгү табылган.

Окуя коомду дүрбөтүп, укук коргоо органдарынын ишине сын айтылып, ИИМдин жана шаардык милициянын жетекчилерин отставкага кетирүү талабы коюлган.

Кыздын уурдалышы жана өлтүрүлүшү боюнча бир канча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Алардын бири — Бишкектин Биринчи май РИИБинин кызматкерлеринин кызды издөөдөгү шалаакылыгы. Бул кыздын киши колдуу болушуна алып келген.

Бирок өткөн жылдын 8-апрелинде иликтенип баштаган бул кылмыш иши дагы деле сотко өтө элек.

«[Бул иште] эч кандай жылыш жок. Эгер болсо айтышмак эле да. Алар “эртең-бүрсүгүнү” деген [саясатты карманып] жатышат. Эч кандай жылыш жок», — деп билдирди жабырлануучу тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов «Клоопко» курган маегинде.

Айзада Канатбекованы уурдоо учуру байкоочу камерага түшүп калган. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот.

Бир жылга созулган иликтөө

Бишкектин Биринчи май РИИБнин кызматкерлерине карата «Шалаакылык» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштү УКМКнын шаардык башкармалыгы иликтеп жатат. Башкы прокуратурадан иш көзөмөл органдын «өзгөчө көзөмөлүндө» экенин айтышкан болчу.

«Клооп» кылмыш иши кайсыл баскычта экенин билүү үчүн Башкы прокуратура менен УКМКга бир нече кайрылуу жөнөткөн.

Акыркы жолу кайрылууну «Клооп» 21-январда жөнөткөн. 11-февралда УКМКнын шаардык башкармалыгынан «кылмыш иши көзөмөл тартибинде изилдөө үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү» деген жооп келген.

Бирок шаардык прокуратурадан кылмыш иши УКМКнын шаардык башкармалыгында иликтөө баскычында турганын айтышкан.

Шаардык прокуратура жакында эле «Азаттыкка» жакын арада иштин жыйынтыгы чыгарын айтып, аны УКМК иликтеп жатканын кайталашкан.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Анын апасы Назгүл Шакенованын айтымында, ал милицияга кайрылганда, «алар "ачуу басар келет, той жейсиңер, эмнеге сарсанаа болуп атасыңар" деп күлүшкөн.

Айзаданын апасы кызын уурдагандарды билгендиктен, анын ким экенин милицияга айткан — ал буга чейин эле Айзада Канатбекованын артынан аңдып, уурдап кетүүгө аракет кылып жүргөн, бир канча жолу соттолгон Замирбек Теңизбаев болгон. Аңдуулардан корккон кыз Кыргызстандан кетүүнү чечкен — ал Туркияга билет да алып койгон.

Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон.

7-апрелде Бишкекке жакын жердеги талаада автоунаа табылган, анын ичинде кыздын сөөгү болгон. Ошол эле унаада Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевдин да сөөгү табылган. Унаа ал жерде бир нече күндөн бери токтоп турганы маалым болгон. Бирок кыздын сөөгү табылардан бир күн мурун тергөөчү Айзаданын апасына кызы тирүү жана сак-саламатта экенин айтып ишендирген.

Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү жана милициянын аракетсиздиги коомчулукту дүрбөткөн жана укук коргоо органдарынын ишине нааразычылыкты жараткан.

Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.

2021-жылдын 10-апрелинде, ээлеген кызматтарынан ИИМдин 12 жетекчиси жана кызматкери бошотулган, 27 милиционер «Кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү» тартиптик жазасын алган. Ошондой эле, 5 кызматкерге «Катуу сөгүш берилген».

Алардын арасында Бишкек ШИИББинин жетекчиси Бакыт Матмусаев, анын орун басары Эрлан Атантаев, Биринчи май РИИБнин башчысы Акылбек Казакеев жана издөө иштерине бюрократиялык бут тосуулар тоскоолдук кылды деп айтып чыккан Тергөө кызматынын начальниги Нурлан Утемисов ээлеген кызматтарынан бошотулушкан.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Айзада Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адамды күнөөлүү деп тапкан. Алардын бардыгы 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган. Алар бул чечимге даттануу келтиришип, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.