Екатеринбург: Уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалды

Адам сатуу жана кулчулукка карыш күрөшүү менен алектенген орусиялык «Альтернатива» ыктыярчылар уюму 10-августта Екатеринбург шаарында өз уулун сатууга аракет кылган кыргызстандык Наргиза атуу келин кармалганын жазып чыкты.

Эртеси күнү ТИМдин басма сөз кызматы, аталган шаардагы Кыргызстандын Башкы консулдугуна таянып, кармалган келин Кыргызстандын жараны экенин билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, учурда кыргызстандык келинге кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бала Екатеринбургдагы социалдык мекемеге өткөрүлдү.

«Башкы консулдук окуянын чоо-жайын териштирип жатат, ошондой эле шектелип жаткан кыргыз жаранына адвокат жана котормочу бөлүп берүү менен консулдук-укуктук колдоо көрсөтөт», — деп белгилешти ТИМден.

Мекемеден 11-августта кармалган келиндин баш коргоо чарасын аныктоо боюнча сот отуруму жабык өткөнүн кошумчалашты.

Жергиликтүү (Екатеринбург шаарынын) ЖМКнын маалыматына ылайык, келин камакка алынды. Ал 8-октябрга чейин ТИЗОдо болот.

«Чындыгында трагедиялуу окуя»

10-августта «Альтернативанын» Инстаграмдагы барагына уулун сатууга аракет кылган келин кармалганы тууралуу пост чыгарган. Алардын маалыматына ылайык, келин уулун сатам деген жарыяны соцтүйүндөгү барагына жазган. Келинге ыктыярчылар жаза башташкан.

«Көрсө, Наргиза аттуу келин, өзүнүн айтымында, биринчи жолдошунан төрөгөн 7 жашар уулунан тышкары, экинчи турмушунан дагы эки баласы бар экен. Наргиза экинчи күйөөсү уулуна каршы болгонун, экөө аны сатып, карыздарын төлөөнү чечишкенин айтты. Келин 300 миң рубль деп баасын өзү бычкан. Аны менен жолугушууга бара турган ыктыярчыга бала күтүп жатканын, каршы эместигин айтып ишендирген. Биз акырына чейин бул бирөөнүн тамашасы же акча алууну каалаган алдамчылардын оюну болсо экен деп үмүттөндүк. Бирок биздин Екатеринбургдагы топ уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен айтылган дарекке барганда баланы чындап эле сатып жатканына күбө болушту. Наргиза 300 миң рублди алып, уулун таптакыр тааныбаган кишиге карматты. Келин кетейин деп жатканда милиция кызматкерлери келишти», — деп айтылат ыктыярчылардын барагындагы билдирүүдө.

«Альтернатива» уюмунан «бул окуяга келиндин өзүн эле эмес, ушундай кадамга түрткөн жолдошун да жазалаш керектигин» белгилешти. Жергиликтүү ЖМКнын маалыматына ылайык, социалдык коргоо органдары ушул тапта келиндин жолдошу карап жаткан эки баласы боюнча дагы кат жолдошкон.

Акыркы расмий маалыматтарга караганда, 1 млн 118 миң кыргызстандык чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Алардын бир миллионго жакыны Орусияда.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт/«Азаттык».