Комиссия: Казакпаев менен Асанбаевди күтүүсүз өлүмгө жагдайлардын трагедиялуу айкалышы алып келген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ТИЗОсунда каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаев менен «Айыл банктын» башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген жумушчу комиссия ишин аяктады.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, комиссия «аларды күтүүсүз өлүмгө жагдайлардын трагедиялуу айкалышы алып келген» деген алдын ала корутунуда чыгарды.

Маалыматта комиссия мүчөлөрү ишти иликтөөдө 12 ирет отурум өткөзүп, УКМКнын абагына кирүүгө, каза болгондордун ишери иштери, байкоочу камералардагы тасмалар менен таанышуу, коопсуздук кызматкерлери жана абактагы башка адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алганы айтылат.

Ошондой эле комиссия Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүнө окшогон учурлар кайталанбаш үчүн зарыл чаралардын комплексин сунуштады.

Комиссиянын төрагасы Эдил Байсалов министрлер кабинети убактылуу кармоочу жайларды, ТИЗО жана бардык пенитенциардык системаны толугу менен кайра түзүүнү пландаштырып жатышканын белгиледи.

«Жакынкы жылдарда бул маселе коомду гумандаштыруунун, тергөө абагынын жана жаза өтөө жайларынын шарттарын жакшыртуунун алкагында эң артыкчылыктуу багыттардын бири болот», — деп ишендирди ал.

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү

Марат Казакпаев жана Бакыт Асанбаев.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда УКМКнын ТИЗОсунда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо абактан шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган.

Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев өлүмүнөн соң УКМК ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

Ал эми Бакыт Асанбаев 18-июнда УКМКнын тергөө абагында асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде камакта болчу.

Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары бир катар дооматтарды айтып, президентке чейин кайрылышкан. Кийинчээрек президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия түзүлгөн.

Өлкө башчысынын администрациясы жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагында каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөнүн айткан.

Тема боюнча:

Жапаров УКМКнын ТИЗОсунда каза болгон Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн кырсык деп атады

«Айыл банктын» жамааты президенттен Асанбаевдин өлүмүн акыйкат иликтөөнү суранды