«Айыл банктын» жамааты президенттен Асанбаевдин өлүмүн акыйкат иликтөөнү суранды

«Айыл банктын» кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кесиптеши Бакыт Асанбаевдин УКМКнын ТИЗОсунда каза болушуна байланыштуу ачык кайрылуу жасашты. Анда маркумдун кесиптештери Асанбаевдин өлүмүн «акыйкат, ачык-айкын жана бейтарап иликтенишин» камсыздап, «маркумдун жакшы атын кайтарууну» суранышты. Буга чейин УКМК Асанбаев өз жанын кыйган деп маалымат тараткан эле.

Бирок «Айыл банктын» кызматкерлери маркум өз жанын кыйышы мүмкүн эмес эле деген пикирде. Алардын кайрылуусунда Асанбаев «ага козголгон иш жакшы жагына чечилүүсүнө ишенимдүү болчу» жана «эч качан суидцидге бармак эмес» деп айтылат.

Бакыт Асанбаев.

«Эч ким ушундай окуя болуп кетет деп күткөн эмес. Бакыт Асанбаевди өлкө коопсуздугуна, коомго коркунуч келтирген кылмышкер катары кармап, эки ай бою ага коопсуздук шарттарынын камсыз кылынбаганы, акырында келип таасирдүү мекеменин ичинде мындай сырдуу өлүмгө дуушар болушу албетте, кыйла суроону жаратат. Өзүнүн актыгына, ишинин тактыгына ишенип, маселенин оң жагына чечилишин күткөн, балдарын жанындай көрүп, жашоону сүйгөн Бакыт Рысбекович мындай ишке эч качан бармак эмес», — деп эсептешет алар.

«Айыл банктын» жамааты президенттен төмөнкүлөрдү суранышты:

  • «Айыл банкка» тиешелүү ишти банк кызматкерлерине кысым көрсөтүүсүз, мыйзам чегинде, адилет териштирилишин камсыз кылууну;
  • укук коргоо органдарынын банк ишине негизсиз кийлигишүүсүнө, б.а. биздин же жабыр тарткан тараптын расмий кайрылуусуз кийлигишүүсүнө жол бербөөнү өтүнөбүз, анткени бул иш туруктуулугуна кесепетин тийгизбей койбойт;
  • банк кызматкерлери да жарандык коомдун мүчөсү экендигин, алар өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбегендигин эске алып, камакка алуу сыяктуу чараларды колдонууда этияттыктын сакталышын;
  • кылмыш иши боюнча такталган гана маалыматтын жарыяланышын камсыз кылууну караштырып беришиңизди өтүнөбүз. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы банктын аброюна шек келтирүүдө.

Казакпаев менен Асанбаевдун өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде ТИЗОдо камакта болчу.

Бакыт Асанбаевдин туугандары ал өз жанын кыймак эмес дешкен. Алар сөөктү ачканда кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар аныкталганын айтышкан.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия түзүлгөн. Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Cаясат талдоочу Марат Казакбаев менен «Айыл Банктын» башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектей турган болгон.

Байсалов 24-июнда УКМКнын ТИЗОсуна барганда ТИЗОнун байкоочу камераларына жазылып калган видеону көрүп чыкканын, Асанбаевдин өлүмү — 99% өз жанын кыюу экенин айткан.

«Кечээ биз видео тасма менен таанышып чыктык, ошол себептен дагы отурум оор болду. Түз факт жок, бирок кыйыр фактылар боюнча 99%га четке кагылат, ал камерада жалгыз болгон экен. Видеодо ал өз жанын кыйган учур көрүнүп турат: көлөкөсүнөн, сөлөкөтүнөн киши өз жанын кыйганын көрүүгө болот. Үй-бүлө мүчөлөрү да буга ынанышты», — деген Байсалов.

Минкабдын төрагасынын орун басарынын айтымында, «адам өлтүрүү болбогону ачык эле көрүнүп турат». Ал Асанбаевдин өлүмү — «ЧП» жана кырсык деп эсептейт.

Аталган комиссиянын курамына кирген акыйкатчы Атыр Абдрахматова болсо Байсаловдун айткандары боюнча адам өз жанын кыйган-кыйбаганын, өлүмгө эмне себеп болгонун — соттук медициналык эксперттер аныкташы керектигин баса белгилеген.

«Ооба, биз камераны, видеожазууларды көрдүк, камерада бирге отургандарды сурап чыктык, маркум каза болордун алдында тергөөчү менен сүйлөшүптүр, анда жанында двокаты болгон эмес. Эми тергөөчү менен да сүйлөшүү керек, ага да суроолорубуз бар. Камакта кармоонун шарттары боюнча да суроолор бар: Эмне үчүн камерада узартчык кабель болгон, адамга залакасы тийиши мүмкүн болгон каражаттар турган» — дейт Абдрахматова.

Комиссия өз ишин улантып жатат. Президенттин администрациясы окуянын чоо-жайы ар тараптуу иликтенерин, анын жыйынтыгы боюнча отчёт өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет деп белгиледи.