Жапаров УКМКнын ТИЗОсунда каза болгон Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн кырсык деп атады

Президент Садыр Жапаров «Кабар» улуттук маалымат агенттигине кезектеги интервьюсун берди. Анда өлкө башчысы УКМКнын ТИЗОсунда каза болгон саясат таануучу Марат Казакпаев менен «Айыл банктын» башчысынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнө комментарий берди.

Ал кыргызстандыктар тергөө изоляторундагы өлүм учурлары «кырсык» экенинен «эч күмөн санабай эле койсо болорун» белгиледи.

Жапаров саясат таануучу менен банкирдин өлүмүн иликтеген комиссиянын курамына маркумдардын жакындары, акыйкатчы жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү киргенин айтты.

«Албетте, менин жеке баамымда СИЗОнун жетекчисин “Эмне үчүн узарткыч колдонгонго уруксат бердиң” деп күнөөлөсөк болот. Шнуру узун узарткыч, жип, бычак, устара сыяктуу буюмдарды камерада колдонууга мыйзам тыюу салат. Бирок мен УКМКнын ТИЗОсун эки жолу, Бишкектин ТИЗОсун бир жолу көргөн адам катары айта алам. Узарткычсыз жашоо өтө кыйын. Тефаль, тамак жасаган плита, телевизор, радио, муздаткыч жана башка буюмдарды бир точка менен колдонуу мүмкүн эмес. Камакта олтурган адамдар өздөрү эле кыйналышат. Өздөрү эле киргизип бергиле деп суранышат», — деди ал.

Президент ТИЗОдо каза болгондор эки башка иш боюнча кармалышканын жана «коомчулукка таанымал чоң фигуралар» эмес экенин баса белгиледи. Ошол эле учурда Асанбаев кредиттөө үчүн 3,5 млн долларды кайтарбаганы үчүн кармалганын, бул болсо «элдин акчасы» экенин кошумчалады.

«“УКМК өлтүрүп койду” деген акылга сыйбаган күмөн. УКМКга миңдеген адамдар камалып чыгып жатышат. Кимдер гана камалып чыкпады. Баары эле аман-эсен чыгып жатышат го», — деди Жапаров.

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү

18-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу тергөө абагында «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынган абалда табылган. Ал 2022-жылдын 30-апрелинен бери коррупция ишине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде ТИЗОдо камакта болчу.

Бакыт Асанбаевдин туугандары ал өз жанын кыймак эмес дешкен. Алар сөөктү ачканда кабыргасы, акырек сөөгү сынганын жана чыканагында көк ала тактар аныкталганын айтышкан.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болгон. Андан бир күн мурда ал инсульт алып, мээсине кан куюулуп кеткен. Дароо УКМКнын ТИЗОсунан Шаардык клиникалык №1 ооруканага жеткирилип ИВЛ аппаратына кошулган. Казакбаев убактылуу кармоочу жайда бир жылдан ашык жаткан — ал 2021-жылдын 13-апрелинде мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган.

Казакпаев каза болгондон кийин УКМКдан ал «ТИЗОдо отурганда дарыгерлердин кароосунда болуп, алар сунуштаган дары-дармектерди ичип турганын жана абалы канааттандырарлык деп бааланып келгенин» белгилешкен.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Казакбаевдин өлүмүнө бийликтин эч кандай тиешеси жок деп билдирген. Ал саясат талдоочунун жакындарынын маркум УКМКнын ТИЗОсунда кыйноого алынганы тууралуу билдирүүлөрүн «жалган» деп атаган. Ташиев УКМКнын ТИЗОсунда кыйноо «эч качан болгон эмес, болбойт дагы» деп белгилеген.

Ошол эле күнү президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Казакпаев жана Асанбаевдин өлүмүн иликтей турган комиссия түзүлгөн. Өлкө башчысынын администрациясынын маалыматына ылайык, жумушчу комиссия кармалгандардын УКМКнын тергөө абагынд а каза табышын бейтарап жана объективдүү изилдөө үчүн түзүлгөн.

16-июнда Акыйкатчы Атыр Абрахматова саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу ведомстволор аралык комиссия түзгөнү белгилүү болгон.

Басма сөз кызматынан комиссия Казакпаевди камакта кармоо шарттарын, негиздерин жана УКМКнын ТИЗОсунда медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгү болгон же болбогонун иликтей турганын билдиришкен.