Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 400 миллион сомго алынган атайын техникалар тапшырылды

13-августта президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 1 тик учак жана 34 атайын техника тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин түзүмдөрүнө Airbus H-125 тик учагы, чынжырлуу жана дөңгөлөктүү экскаваторлор, алдыңкы жана айрылуу жүктөгүчтөр, жол тандабастар, 150 мобилдик үйлөр жана башка техникалар тапшырылды.

Иш-чарага Жапаров катышыт, техника алууга республикалык бюджеттен 384 миллион 140 миң сом бөлүнгөнүн белгиледи.

«Климаттын кескин өзгөрүшү күтүүсүз табигый жана техногендик кырсыктарга алып келүүдө. Мунун баары бизден жаратылыш кырсыктарын, мүмкүн болгон башка тобокелдиктерди алдын алууга, кесепеттерин жоюуга колдо болгон күч-аракетерди көбөйтүүнү, жаңылоону талап кылат. Өрт коркунучу, сел, жер көчүү, жол кырсыктарынан, химиялык, инженердик, медициналык жана башка кооптуу жагдайлардан улам кырдаал андан бетер татаалдашып, адам өмүрүн алып кеткен өтө кейиштүү учурлар да болбой койбойт», — деди ал.

Жапаров быйыл бюджеттин эсебинен дагы бир тик учак сатып алуу пландалып жатканын айтты. Ошондой эле ал Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 1 миллион 23 миң 480 АКШ долларга 10 даана жол тандабас, бир кичи автобус жана 11 инженердик оор техника алынарын кошумчалады.

Үстүбуздөгү жылдын март айында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 58 өрт өчүрүүчү машина алынып келинген. Техникаларды сатып алууга Дүйнөлүк банк 300 млн сом жана тик учак алууга 2 млн евро бөлон.

Тема боюнча:

Жапаров мамлекеттик чек араны коргоо үчүн УКМКга аскердик техникаларды тапшырды

ӨКМ Орусия жана Кытайдан өрт-куткаруу техникаларын алып келет