Токтом долбоору: Бишкекте той-аштарга чектөөлөрдү киргизүү сунушталды

Бишкек мэриясы борбор калаада үйлөнүү той, юбилей, маркумду эскерүү жана башка иш-чараларга чектөө киргизүүнү пландап жатат. Тийиштүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоордо көрсөтүлгөн талаптар:

  • Үйлөнүү-үлпөт тойлору бир күндө, 250гө чейин адамдын катышуусунда өткөрүлөт. Төрттөн ашык эмес жеңил унаанын кортежине жол берилет;
  • үй-бүлөлүк салтанаттар бир күндө түн жарымына чейин өткөрүлөт. 200 чакты конок чакырууга мүмкүн;
  • бирден көп бодо мал/жылкы же үчтөн көп эмес ача туяктуу мал союуга болот;
  • юбилейлер түн жарымына чейин, 250гө жакын коноктун катышуусунда өткөрүлөт;
  • маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаттары жана узатып келгенден кийинкий үрп адаттар үч күндүн ичинде өткөрүлүшү керек, ага катышкандардын саны чектелбейт. Бодо мал/жылкы союуга болбойт.
  • маркумду эскерүү жана ага арналган иш-чараларга 300 ашпаган адам катыша алат. Бирден көп бодо мал/жылкы же үчтөн көп эмес ача туяктуу мал союуга болот
  • маркумду акыркы сапарга узатуу же андан кийинки иш-чараларда ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө сунушталат — баштык таратуу, дасторкон даярдоо, кийит кийгизүү жана башкалар.
  • мамлекеттик кызматкерлерге үй-бүлө салтанаттарын жана маркумга байланыштуу иш-чараларды көп акча коротпой өткөрүп, жарандарга үлгү болуу сунушталат.

Бишкек шаардык кеңешинен акыркы жылдары чаралар көрүлүп жатканына карабастан кыргыз коомунда ар кандай салтанаттарды, маркумду эскерүү ырым-жырымдарында убаракерчилик, өзүн көрсөтүү аракети, башка адамдардын социалдык абалына көңүл коштук кылуу, ашыкча ысырапчылык, анын ичинде элдин үрп-адат жана салтын этибарга албоо сыяктуу терс көрүнүштөр орун алып жатканын белгилешти.

«Жарандардын коңшулардын жана туугандардын ачуу сөзүнө калбаш үчүн, жалпы эле коомчулуктун басымынанан улам дүркүрөтө той берип, маркумдарды эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүшөт», — деп айтылат шаардык кеңештин сайтында.

Февралда президент Садыр Жапаров маркумду жерге берүүдө мал союга тыюу салган жарлыкка кол койгон. Жапаровдун пикиринде, Кыргызстанда өлүм чыккан үйдө той болуп аткандай сезилет, ал эми «колунда жок үй-бүлөлөр колунда барларга атаандашып (куру намыска алдырып), саап ичип олтурган жалгыз уюн союп жакынын акыркы сапарга узатып, натыйжада эч нерсеси жок олтуруп калган учурлар четинен кездешет».

Президент өзүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу окүлдөрүнө жана жергшиликтүү бийликтерге үй-бүлөлүк, маркумдарды эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүнүн жобосун иштеп чыгып, бекитүүнү сунуштаган. Ошондой эле алар калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү да керек, ал эми мамлекеттик катчы анын баарын уюштуруп бериши керек.

Аны менен кошо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына диний ырым-жырымдарды, маркумду жерге берүү жана эскерүүдө ысырапкерчиликке жол бербөө максатында тиешелүү фатваларды чыгаруу сунушталган.