Учитель чокусунан орусиялык альпинист кулап каза тапты

Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайынын жогору жагындагы Учитель чокусунан түшүп келе жаткан орусиялык альпинист кулап каза тапты. Бул тууралуу 16-августта ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Алардын маалыматына ылайык, 14-августта Орусиянын эки жараны тоодон түшүп келе жатышканда, аларын бири кулап кеткен. Ошол эле күнү окуя болгон жерге «Эдельвейс» куткаруучу отрядынын 6 кызматкери тартылган. Альпинисттин сөөгүн түшүрүп келүүгө 16-августта гана мүмкүн болгон.

«Эдельвейс» куткаруучу отряды. Сүрөт: ӨКМ

Альпинисттин сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Буга чейин Кыргызстандагы альпинизм федерациясынын өкүлү Руслан Нурлан Инстаграм барагында Москвадан келген эки альпинист өз алдынча Учитель чокусуна чыгууга кеткенин жазган. Анын айтымында, алар түшүп келе жатканда жолду кыскартууну чечип, эңкейишти көздөй бет алышкан.

Альпинист аталган эңкейиштин «бир аз төмөнүрөөк жагында муз болгон үчүн коопту экенин, ага чыгып алгандан кийин токтоп дээрлик калуу мүмкүн эмес» деп белгиледи.

«Биз кырсык болгон жерге чыгып барганда жабыркаган адам тирүү болчу. Ал бир топтон кийин, түшүп келе жатканда караңгы киргенде көз жумду. Бизди көздөй келген врач жандандаруу аракеттерин жасап, үзүлгөнүн айтты», — деди ал.

Материалдын автору Кайрат Бердишалиев.

Дагы окуңуз:

Хан-Теңири чокусунда көз жумган башкырстандык альпинисттин өлүмү иликтене баштады